ШКУ өлкө башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына Садыр Жапаров катышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 10:20

ШКУ өлкө башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына Садыр Жапаров катышты

5 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин (МБК) Россия Федерациясынын төрагалыгы астында видеоконференция форматында өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына он эки мамлекеттин лидерлери, анын ичинде ШКУга мүчө-мамлекеттер: Россия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы жана ШКУ Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору катышты.

Байкоочу мамлекеттердин атынан Афганстан, Иран жана Монголиянын башчылары жана Беларусь премьер-министри катышты.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибинде: саясат, экономика, коопсуздук жаатында өз ара кызматташууну мындан ары бекемдөө жана тереңдетүү, анын ичинде биринчи кезектеги көйгөй болгон жаңы коронавирус инфекциясынын глобалдык саясий жана социалдык-экономикалык кесепеттеринин шартында ШКУнун алкагында мындан ары өз ара кызматташуу маселелери каралды.

Мындан сырткары, эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер, ошондой эле жалпы ШКУнун аймагындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

ШКУ МБКнын отурумунун жүрүшүндө 16 корутунду документ, атап айтканда, ШКУ МБКнын 9 чечими жана 6 билдирүүсү кабыл алынды.

Ошондой эле ШКУ МБКнын жыйынынын жыйынтыгы боюнча Москва декларациясына кол коюлду, анда ШКУга мүчө-мамлекеттердин негизги позициялары, демилгелери жана ниеттери чагылдырылган. Өзгөчө өз ара кызматташтыктын бардык тармактарында, тактап айтканда, коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу жаатында жана эл аралык алмашуу боюнча маселелер белгиленген.

Жыйындын жүрүшүндө «Кыргызстандын ШКУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», — деп баса белгиледи КР президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына коомчулуктун нааразычылыктарына байланыштуу болуп өткөн окуяларга учкай токтолду.

Өлкөдө бийликти өткөрүп берүү, аракеттеги мыйзамдарга ылайык, тынчтык жолу менен болгондугун жана учурда Кыргызстанда кырдаал туруктуу — бийликтин бардык бутактары легитимдүү экенин, ал эми аткаруу бийлик органдары бүгүнкү күндө штаттык режимде ишин улантып жатканын кошумчалады. Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттерге өлкө үчүн, эл үчүн кыйын болуп жаткан ошол күндөрдө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Ал президенттин милдетин аткаруучу катары коомчулуктагы туруктуулукту бекемдөө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо, коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшүү, Кыргызстандын аймагындагы инвесторлордун укуктарын коргоо жана чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстандын эл аралык милдеттемелерин жана мурда кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашууларды толугу менен аткарарын баса белгиледи.

Мындан сырткары, президенттин милдетин аткаруучу пандемия ШКУ ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун — глобалдуу коркунуч менен күрөшүүдө Уюмга мүчө-мамлекеттер бири-бирин колдоосун жана тилектештигин көрсөткөнүн белгиледи.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров мүчө-мамлекеттерге пандемия күчөп турган учурда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Россия жетекчилигине жана Владимир Владимирович Путинге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга өз мезгилинде жана ырааттуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыз Республикасы евразия интеграциясы маселелери боюнча Россия Федерациясынын ар дайым ишенимдүү өнөктөшү болот. Мамлекеттер аралык, экономикалык жана маданий байланыштарыбызды өнүктүрүүгө багытыбызды ырааттуу улантабыз. Биздин өлкөлөр ортосунда кызматташуу боюнча бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен аларды телефон аркылуу байланышып, талкуулоону өтүнөр элем.

Кытай Эл Республикасынын коронавируска каршы күрөшүүдө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө гуманитардык, техникалык жана медициналык жардам көрсөтүп, зор салым кошконун белгилеп кетким келет. Биз Кытайга инфекцияга каршы күрөшүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык аркылуу дагы көрсөткөн олуттуу жардамы үчүн ыраазыбыз. Ошондой эле, ШКУга мүчө- мамлекеттердин жана байкоочулардын — Өзбекстан, Казакстан, Индия жана Ирандын жетекчилигине бизге көрсөткөн гуманитардык жана медициналык жардамдары үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизге көрсөтүлгөн колдоону жогору баалайбыз», — деп белгиледи ал.

Президенттин м. а. пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу жана ШКУнун бардык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу азыркы учурда маанилүү милдет катары каралып жаткандыгын, буга байланыштуу соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде санариптик экономиканы өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөөгө, аны менен катар ири экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга көңүл буруу зарылдыгын билдирди.

«Пандемия аймактык масштабда транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн маанилүү экенин көрсөттү. „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолунун курулушу келечекте биздин аймакты Жакынкы Чыгыш жана Европа мамлекеттери менен байланыштырып, өз ара сооданын өсүшүнө шарт түзөт.

Ошондой эле эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашууну иш жүзүнө ашыруу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу маанилүү деп эсептейбиз.

Экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн ШКУ Өнүктүрүү банкын жана ШКУ Өнүктүрүү фондусун түзүү боюнча ишти күчөтүү зарыл.

ШКУнун алкагында өз ара кызматташуунун бардык негизги багыттары боюнча кызматташуу үчүн олуттуу укуктук-ченемдик база түзүлгөндүгүн белгилеп кетким келет, бирок ошого карабастан, айрыкча соода-экономикалык тармакта алгылыктуу натыйжалар азырынча көп эмес.

Бул көрүнүш финансылык негиз түзүүнүн максатка ылайыктуу болуп жатканын алдын-ала аныктап турат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 10:20

Приемная кампания 2020

Элдик медицина