ШКУ-дүйнөдөгү алп уюмга айланып баратат

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 11:08

ШКУ-дүйнөдөгү алп уюмга айланып баратат

9  ШКУ- бүгүнкү күнү аймагы боюнча дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин үчтөн биринде орун алып, калкынын саны боюнча Индиянын кириши менен дүйнөдөгү калктын 43пайызын ээлеп, 3 миллиарддан көп калк жашайт. ШКУнун төрагалык кызматын быйыл Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков аркалап келатат. Жакында ШКУ мүчөлөрүнүн жана байкоочу мамлекеттердин  Коопсуздук Кеңешинин катчылары Бишкек шаарында жолугушту.  Жайдын келиши менен ШКУ мүчөлөрүнүн жана байкоочу мамлекеттердин  мамлекет башчыларынын жолугушуусу Бишкек шаарында өтмөкчү.

ШКУ

Борбордук Азия биригишип, бир мамлекет түзүү тууралуу кеп болгон, бирок өз алдынча кетишкен. Түркмөнстанда газ, нефти чыгып «камчы салдырбай» кетти. «Газпромду» газы менен багып жаткан да Түркмөнстан. Азыр Иран – Түркмөнстан – Казакстан темир жолу курулду. Буларың Батышты көздөй «оюн салып» кетпесин деп, Ашхабатка катуу каптай баштады. Токаев да аркандын учун ыргытып турат. Деги газга бай Түркмөнстанга көз арткандар көп. Ал эми Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан Орусия менен Кытай сыяктуу зор державалар менен биригип, 1996-жылы  «Шанхай бешилигин» түзөт. СССР тараганга чейин эле мурун согуштук чыр-чатактарга чейин чырлашып турган Кытай менен мамиле оңоло баштаган. СССР тарар менен Борбордук Азиядагы энергиялык запастар АКШ сыяктуу ааламга бийлигин орноткусу келген мамлекеттин көзүн кычыштыра баштаган. Муну сезген Орусия бул аймактагы өз таасирин сактап калыш үчүн, Бээжин менен бириге баштайт. 2001-жылы бул уюмга Өзбекстан кошулуп, «Шанхай алтылыгына» же Шанхай кызматташтык уюмуна айланат. Азыр Афганистан, Индия, Пакистан, Монголия, Иран сыяктуу лөк-мамлекеттер кошулабыз дешип жулунуп турушса, Белорус,  Түркия, Шри Ланка «шире шаг» деп, ШКУ дегенде жалпаганынан жата кала баштады.

 Артыкчылыгы:

Орусия НАТО сыяктуу зор уюмга тете, керек болсо зор стратегиялык уюм түзгүсү келет. Орусия экономикалык саясатын ЕвраАзЭС аркылуу чечип, ШКУ менен жалпы адамзаттын глобалдуу маселелерин чече тургандай.

 Кемчилиги:

ШКУну Кытай «Шенген визасын» жүргүзгөн Евросоюздай кенен экономикалык уюм катары эсептегиси келет. Эгер Кытайдын оюна койсок, чек араны ачып, экономикалык кенен аймак түзүүнү каалашат. Албетте, АКШ сыяктуу зор мамлекеттер Кытайды экономикалык жактан муунтуп жатканда, кытайлыктар үчүн экономикалык кенен аймак керек. Бирок, зор аймакты тез эле каптатып жиберүү да мезгилдин талабы эмес..

ЕврАзЭС

Биз кийин ачылган Кытайдын көпчүлүгү антисанитардык товарына караганда, Орусия, Казакстандын товарларын көп пайдаланабыз. Глобалдаштыруу заманында биз тандоо деген оор кыйынчылыкка туш келдик. Биз океандан алыс, оор географиялык аймакта жашап жатып, «Алыскы туугандан, жакынкы кошуна» -дегендей, эгерде биз «баурдасыбыз» Казакстан менен улуу Орусияны тандабасак, карышкырлар арасындагы козуга айланабыз. Мамлекет түзүүнү эңсеген Ормонхан айлана-тегерегине көз чаптырып, Орусия менен бир болууну ойлогон. Бүгүн да Кыргызстанга көз арткандар көп экендигин жашырууга болбойт.

 Артыкчылыгы:

Азыр Кыргызстандын экономикасына Орусия чоң салым кошуп жатат. Угушубузча Орусиянын жаштары, күч органдары  Бажы Союзга кирбеген мамлекеттердин жаранына, ачык эле кысым жасай баштады. Миллиондогон кыргызстандыктар Бажы Союзунда жашап жатышат. Биз Бажы Союзга кирип, алар көп жеңилдиктерди алышты

Кемчилиги:

Кыргызстан өзү айыл чарбалуу өлкө. Бажы Союзга кошулуп экологиялык жактан таза кыргыз айыл чарба продуктыларынын наркы бир аз көтөрүлдү.Ушул жерден бийлик катуу киришпесе, айыл чарба продуктыларын өндүргөндөр запкы жеп калышат. Дыйкандар өз продуктыларын өндүрөт, сатып ошону менен күн көрөт. Бирок ал кимге сатат?  Ортомчуга, ортомчу баасын көбөйтүп, дагы бир ортомчу алып сатарга сатат. Эмнеге наркы көбөйөт? Ал ортомчу машинанын ээсине, майына жана башка чыгымдарга төлөйт, бул мыйзам ченемдүү. Мына ушул жерде алардын мойнуна кылмышкерлер, ар кайсы байлар минип алышат, аларга салык төлөш үчүн, продуктыны кымбат сатышат. Запкы жегендер баягы эле карапайым эл. Алар базардан кымбат продуктыларды алышат, ал эми өндүргөндөр деле жыргап кеткен жок. Алар өздөрүнө майда, өтпөй калган продуктыларды алып калышат, башка товарларды базардан алганы барышса кымбат.  Ошондуктан, айрыкча күз маалында мамлекет дыйкандардан татыктуу сатып ала турган жайларды уюштуруп, жармаңке сыяктуу  дыйкан түз аларманга сата турган жайларды түзүшү керек. Болбосо, Бажы Союзга кирип нарк көтөрүлгөнү менен көпчүлүккө эмне пайда? Бары бир базар баасы көтөрүлүп, ортодо ортомчулар гана байып  жатышпайбы.

 Евросоюз

1951-жылы Парижде түзүлгөн экономикалык уюм, кийин 28 европалык мамлекетти бириктирген, евро деген валютасы бар, европарламент сыяктуу бир топ уюмдары бар союзга айланган. Грецияда экономикалык жактан кырдаал курчуп турат, бирок булар дүйнөлүк саясатка аралашып, өз капчыгынан акча бөлүп жүрүшөт.

 Артыкчылыгы:

Глобалдаштыруу заманында өлкөлөрдүн бириккени жакшы.

Кемчилиги:

Евросоюзда үч келишим бар 1985-жылы паспортторду жөнгө салган «Шенген келишими», Маастрих келишими боюнча Евросоюз 1992-жылы түзүлгөн, 1999-жылы евро кирген. Бул үчөөнө каалаган мамлекет кирет, каалабаган кирбейт. Улуу Британиялар еврого киришкен эмес. Швейцария, Лихнштейн, Норвегия деги эле Евросоюзга кирбей коюшкан. Ал эми «Шенген визасында» деле бир топ мамлекет жок.

СССР

СССР сосна жыттанып туруучу. «Эркин республикалар бекем союзу…» деп, СССРдин Гимни ушундай башталар эле. 1917-жылы Улуу Октябрь Социалисттик революциясы болуп, 1922-жылы декабрь айында СССР түзүлөт. 1936-жылы декабрдагы сталиндик Конституция 11 союздук республиканы тааныйт. Ал эми 1939-жылы СССР менен Германия  Польшаны бөлүп алып,  он алты союздук республика түзүлөт. Көп өтпөй Карелияга автономия берип 15 союздук республика калат. СССР, Батыш айткандай «Империя зла», 1991-жылы декабрь айында тарыхка билинбей сиңип кеткен, Беловеж токоюнда Ельцин, Шушкевич, Кравчук үчөө декабрь айында СССРди жок кылган.

 Артыкчылыгы:

СССР дүйнөдөгү эң зор мамлекет болгон,  жана ага ааламдын жарымы баш ийип турган.

Кемчилиги:

СССРди партиялык абсолюттук монархия башкарган. СССРдин жол  башчысы өлмөйүн башкара берчү.

 КМШ

Балтика боюндагы мамлекеттер тизгинин тарттырбай түз эле Евросоюзга кирип кетишет. Калгандары КМШга баш кошот, кийин Владимир Путин айтып жатпайбы: «СССРди эстебегендердин жүрөгү жок, СССРди кайтарып келем дегендердин мээси жок» — деп. КПССти сүйгөндөр КМШны тоюз, ким бийликте болсо ошонун партиясын сүйүп келатат.

 Артыкчылыгы:

Жоктон көрө жогору.

Кемчилиги:

КМШда бирдиктүү бийлик системасы жок, ошол үчүн кээ бир мамлекеттер чукчуңдаша кетишет.15 республиканын бири Украина Москваны карап муштумун түйүп турат2019-жылдын  20-майында Владимир Зеленский президенттикке инаугурация кылып, мурунку союздаштары менен кызматташуу маселесин койду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 11:08

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина