Шамал менен тең жарышкан кыргыздын жигиттери

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:35

Шамал менен тең жарышкан кыргыздын жигиттери

10 Жайыл районунун аймагында кыргыздын улуттук оюндарын өркүндөтүү жана жаштарды ынтымакка жана биримдикке чакыруу максатында Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын жана 12 айылдык аймактарынын командалары арасында көк бөрү боюнча Биринчи чемпионаты 2020-жылдын 26-декабрынан баштап  2021-жылдын 6-февралына чейин өткөрүлөт. Турнирди даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү, көк бөрү боюнча чемпионаттын жобосу бекитилди жана иш программасы иштелип чыкты. Чемпионаттын өткөрүлүшүн жана дайындыгын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде жүрөт.

Жайыл районунун көк бөрү боюнча боло турган биринчи чемпионаттын тартиби

 

А тобу Б тобу
26.12.2020-жыл    1 тур

 

Суусамыр-Кызыл-Дыйкан Кара-Балта-Красный-Восток
Степь-Полтавка Кара-Суу-Сары-Коо
Сары-Булак-Талды-Булак Ак-Башат-Жайыл
26.12.2020-жыл 2 тур

 

Кызыл-Дыйкан-Сары-Булак Кара-Балта-Кара-Суу
Суусамыр-Степь Красный –Восток-Жайыл
Талды-Булак-Полтавка Сары-Коо-Ак-Башат
09.01.2021-жыл  3тур

 

Талды-Булак-Кызыл-Дыйкан Кара-Балта-Сары-Коо
Степь-Сары-Булак Кара-Суу-Жайыл
Суусамыр-Полтавка Красный-Восток-Ак-Башат
09.01.2021-жыл   4тур

 

Кызыл-Дыйкан-Степь Кара-Балта-Жайыл
Суусамыр-Талды-Булак Сары-Коо-Красный-Восток
Сары-Булак-Полтавка Кара-Суу-Ак-Башат
23.01.2021-жыл   5 тур

 

Кызыл-Дыйкан-Полтавка Кара-Балта-Ак-Башат
Суусамыр-Сары-Булак Красный-Восток-Кара-Суу
Талды-Булак-Степь Жайыл-Сары-Коо
23.01.2021-ж     12-11 орун,         10-9 орун,        7-8 орун
06.02.2021-ж      5-6 орун,             3-4 орун,         1-2 орун

 

Чемпионаттын милдети жана максаты — Кыргыз улуттук оюндарын өркүндөтүү жана жаштар арасында мекенчилдик сезимин ойготуу, айылдарда жана райондо аралык ынтымакты бекемдөө жана Жайыл районунда таланттуу көк бөрү оюнчуларынан курама командасын түзүү. Аталган оюндар 2020-жылдын 26-декабрында, 2021-жылдын 2-16-30-январында, 2021-жылдын 13-27-февралында Жайыл райондук ипподромунда өткөрүлөт. Башталышы саат 11:00дө.

Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын жана 12 айылдык аймактарынын көк бөрү командалар арасындагы чемпионатты уюштуруу жана өткөрүү жалпы башкаруу “Көк бөрү» федерациясына жана спорт инструкторуна жүктөлдү. Негизги көк бөрү оюндун өткөрүлүшүн “Көк-Бөрү» Федерациясынан бекитилген калыстар комитети аркалайт.

Команданын курамы 12 кишиден турат; 1 башчы, 1 машыктыруучу, 10 оюнчулар. Мелдеште жаш курагы 18 жаштан өйдө спортчулар катышат. Жеңген командага 2 упай, тең чыккандарга 1 упай жана утулган командага  0 упай берилет. Каршылаштын тай казанына көп улак киргизген командасы утту деп эсептелет. Көк бөрү оюндары атайын өлчөлгөн талаада өткөзүлөт: узундугу 200 метр, туурасы 60 метр, эки тарабында бирден тай казан жайгашат. Улактын салмагы 30-33 кг болот. Көк бөрү оюну Кыргыз Республикасынын “Көк-бөрү» Федерациясынын эрежелери боюнча өткөзүлөт. Бир оюнга 60 мүнөт берилет (3 таймга 20 мүнөттөн убакыт берилет, ар бир тайм аралыгында 10 мүнөттөн эс алуу берилет).

Көк бөрү оюндары 2-топко (А жана Б) бөлүнөт, айлампа системасы менен өткөрүлөт. 2 уткан командасы жарым финалга чыгат. Жарым финалда А тобунун 1-орунду ээлеген командасы менен Б тобунун 2-орунду ээлеген командасы менен жолугат, ошондой эле Б тобунун 1-орунду ээлеген командасы А тобунун 2-орунду ээлеген командасы менен беттешет. Жарым финалдын утуучулары финалга чыгат, финалда 1- жана 2-орун ойнотулат.

Командалык орундар жалпы алынган упайлардын эсеби менен аныкталат. Командаларда бирдей упай болуп калганда бири  бири менен беттешкенде уткан командага берилет.

Оюндун ортосунда оюнчуну жана атты которууга тыюу салынат. Кайсы команда оюнчуну же атын которгон болсо утулду деп эсептелет. Аттын такалары тегиз болушу керек, курч болбошу керек. Оюндун эрежесин бузган оюнчу оюн талаасынан 2 мүнөт убакытка чыгарылат. Оюндун эрежелери бузгандыгы үчүн спортсмен жана каршылаш команданын оюнчусуна жаракат бергендиги үчүн 5 мүнөткө же болбосо таза оюндан чыгарылат.

Оюнга жөнөтүлгөн катышуучулардын (барыш, келиш жол акысын, тамак-ашын) жиберүүчү өз алдынча башкаруу органдары каржылайт.

 

1-, 2-, 3- жана 4-орунду алган командалар, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын I, II, III даражадагы дипломдору жана баалуу белектер менен сыйланат.

Буга чейин Жайыл районунун көк бөрү боюнча оюнчулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 4-декабрдан 6-декабрга чейин Сокулук районунун “Белек” ат майданында өткөн кубогуна катышып 10 команданын ичинен II орунга ээ болгон. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктууөкүлү Мирбек Мияров катышышкан.

23-декабрда өткөн Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында көк бөрү улуттук оюнунун жайылтуусуна кошкон зор салымы үчүн айрым инсандар Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарына ээ болду.

Акылбек МУКТАР УУЛУ

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:35

Приемная кампания 2020

Элдик медицина