Шайлоонун эртеңине шек жараткан «экинчи форма»

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 28, 2020 11:12

Шайлоонун эртеңине шек жараткан «экинчи форма»

6 Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн дарегин өзгөртүп, №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңден ашканы белгилүү болду.

Коомчулукта №2 форма добуш сатып алууга шарт түзгөн документ катары сыпатталып, шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек жаратат деген пикирлерлер күчөдү.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» партиясы менен шайлоого катышып жаткан Алмамбет Шыкмаматов №2 форма менен каттоодон өткөндөрдү жокко чыгарууну талап кылып, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Саясатчы бул кадамын мындайча түшүндүргөн:

«№2 форма добушун сатып алган адамдарды көзөмөлдөй турган механизм болуп калды. Азыркы маалда 450 миңден ашык шайлоочу өзүнүн шайлоо тилкелеринен башка жерден добуш бере турганы белгилүү. Эми аларды массалык түрдө ташып, добушун көзөмөлдөшөт. Бул көрүнүштү коррупциялашкан саясий күчтөрдүн Кыргызстандын тарыхындагы массалык түрдө добуш сатып алуусу катары эсептесек болот».

Бийликке оппозиция экенин айткан башка партиялар да шайлоочулар менен жолугушуу учурунда №2 формасы «добуш сатып алууда» кеңири колдонулуп жатканын билдирип жатышат.

Ал эми өлкө президенти 19-сентябрда Биринчи радионун кезектеги суроолоруна жооп берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, баарына, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айткан.

«Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага «добушуңду сат» деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок ушул боюнча кайрылган факт жок»-деп айтты.

.

Гүлсүн Аманалива

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 28, 2020 11:12

Приемная кампания 2020

Элдик медицина