Шаң менен иш айкашкан Чүйлүктөр…

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:51

Шаң  менен иш айкашкан Чүйлүктөр…

9 10-мартта  Чүй райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында өткөн кезектеги аппараттык жыйын жагымдуу миссия менен башталды. Бул күнү Чүй раймамадминистрациянын башчысы – аким Каныбек  Сагынбекович Апбасов райондун мекеме-уюмдарынын айым- жетекчилерин  жана райондун өнүгүшүнө  салым кошкон  айымдарды 8 –март –Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, майрам ээлерине “Ардак грамоталарды” жана гүлдестелерди тапшырды.
Чынында эле, аялзаты – мээрими менен  жашоону көркүнө чыгарып, өмүргө кубаныч тартуулаган, коомду алга жылдырган  күч. Аялдар иштебеген бир дагы тармак жок. Алар  кажыбас кайраты, эмгеги менен  өлкөнүн саясый,  социалдык -экономикалык, маданий чөйрөсүнө, жергебизде   тынчтыктын  өкүм сүрүшүнө  зор салымдары кошуп,  чоң  сый — урматка  татыктуу.  Андыктан бул  күнү алардын дарегине  көптөгөн  жылуу каалоо-тилектер айтылып, демине –дем кошулуп, жакшы маанай тартууланды.
Аны менен бирге Чүй облусунун “Ардак грамоталары”  менен райондун бир катар эмгеги сиңген айымдары сыйланышты.  Ал эми  КРнын  Өкмөтүнүн  Чүй  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан “Ыраазычылык каттарды”  Чүй районунун  Кошой айылынын орто мектебинин биология мугалими  Нина Николаевна  Беликова жана  Чүй районунун  Дөң-Арык  айылындагы  “Келечек” бала-бакчасынын мүдүрү  Жумабүбү Сейдекматовалар алышты.
Аппараттык жыйында Чүй районунун дагы бир  ардактуу  айымы — Кегети айылынын  №4  Үй-бүлөлүк дарыгерлер  тобунун  дарыгери  Азык Джумаева  КРнын Өкмөтүнүн  Чүй облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  “Кеменгер” төш белгиси менен сыйланды.   А.Джумаева калкка  медициналык жактан сапаттуу кызмат көрсөткөндүгү жана медицина  тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн даражалуу сыйлыкка ээ болду.  Тагыраак айтсак, ал   1975-жылы Кыргыз мамлекеттик  медициналык институтун ийгиликтүү аяктаган соң, дарыгер- интерна болуп иштеген.  А.Джумаева  өзүнүн эмгек жолун  Жумгал районунун Кызыл –Арт айылында балдар дарыгери катары баштаган. 1978-1981-жылдары  Чүй райондук борбордук  ооруканасында, 1981-1990-жылдары  Шамшы участкалык ооруканасынын балдар дарыгери,  1994-2001-жылдары Кегети Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери болуп дайындалган.  2001-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Чүй районунун Кегети  айылынын  №4  Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болуп эмгектенип келе жатат. Райондун айылдарында  дарыгерлердин жетишсиздигинен  Кошой, Алчалуу, Кара-Ой жана Талды-Булак  айылдарынын калкына медициналык жактан кызматын көрсөтүп келген. Айылдык кеңешке бир нече ирет депутат болуп шайланган. Көп жылдык  үзүрлүү эмгеги үчүн  Чүй райондук жана Чүй облустук администрацияларынын “Ардак грамоталары” менен  сыйланган. Тажрыйбалуу адис жана жетекчи “Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты  сактоонун ардактуу кызматкери” наамынын ээси болуп саналат. Эми анын сыйлыктарынын катарын  “Кеменгер” төш белгиси толуктады. Белгилей кетсек,  КРнын Өкмөтүнүн КРнын  Чүй облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Кеменгер” төш белгиси менен жылдын аягынан баштап райондун бешинчи жараны сыйланып, эмгектери жогору бааланууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:51

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина