“Северэлектро” ААКсы мектеп окуучуларына түшүндүрмө иштерин жүргүзөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2018 08:04

“Северэлектро” ААКсы мектеп  окуучуларына түшүндүрмө иштерин жүргүзөт

2  “Северэлектро” ААК мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде электр травмаларын алдын алуу боюнча профилактикалык-түшүндүрмө иштерине киришти…

Жыл сайын, жайкы каникулдар алдында жана окуу жылы алдында, “Северэлектро” ААК Бишкек шаары жана Чүй, Талас облустарындагы мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде электр травмаларын алдын алуу боюнча жылдагы профилактикалык-түшүндүрмө иштерин жүргүзөт. Апрель айынан тарта райондук электр тармактарынын адистери кичине жана ортонку класстардын окуучуларына электр приборлору менен колдонуунун негизги эрежелерин билүүгө; электр чубалгыларынын тирөөчтөрүнүн жана башка электр жабдууларынын жанында ойноо кооптуу экенин түшүнүүгө жардам берүүдө, ошондой эле, бул эрежелерди ар бири билип, билгенин кичүүлөргө үйрөтүп жана чоңдорго эскеритп туруу зарыл экенин баса белгилешти. Окуучулардын назаарына балдарга арналган видеоролик тартууланды.

Мындан сырткары, жайкы каникулдар алдында энергетиктер жергиликтүү басылмаларда электр травматизмди алдын алуу боюнча жана ата-энелерге балдардын электр приборлоруна жетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу өтүнүчтөрү менен кайрылуулары жарык көрөт.

Акционердик коомдун 2009-2018 ж.ж. статистикасына ылайык Бишкек шаарында жана Чүй облусунда беш күтүүсүз кырсык катталып, окуучу балдар ар кандай даражадагы электр күйүүлөргө кабылган. “Северэлектро” ААКнын ишенимдүүлүк жана коопсуздук жосундар кызматынын инженери А. Момукееванын айтымында, көбүнчө балдар электр тогунун кооптуу экенин жакшы түшүнө беришпейт.

Жакынкы арада эле, 5-майда, Таджикистан жараны- алты жаштагы Шодиева Нозанин (2012-жылы төрөлгөн) Жумабек менен Уметалиев көчөлөрунүн кесилишинде жайгашкан №3759 трансформатордук көмөкчордонуна кирип кетип, токко урунган. Бала оор абалында Бишкек шаарынын травматологияны жана ортопедияны илимий- изилдөө борборунуна жеткирилди.

“Бишкек шаары боюнча “Северэлектро” ААКнын балансында тогуз миңге чукул трансформатордук көмөкчордондору бар. Эрежелерге ылайык трансформаторлор жылына эки жолу каралат. Бул объект январь айында текшерилген жана эч кандай бузулуулар жок болчу, эшигинде кулпу болгон”,-деп Батыш райондук электр тармактарынан билдиришти.

“16 жашка чейинки балдардын электр тарвматизмге кабылуусунун негизги себеби электр орнотмолордун жанына ойноо, электр тогу бар тосмолорго, трансформатордук көмөкчордондорго, бөлүштүрүү пунктарына жана башка электр курулуштарга кирүү, бузук электр орнотмолорду жана үзүлгөн зымдарды кармоо болуп саналат. Негизгиси, мугалимдер гана эмес, ата-энелер дагы электр тогунун кооптуулугун түшүндүрүп бериши керек. Үйрөтүүнү мектепке чейики мекемелерден эле башташ керек”,- деп А. Момукеева билдирди.

Ачык акционердик коом жарандарды электр жабдуулардын ачык турганын байкашса күнү-түнү иштеген 1209 кыска номурундагы “Северэлектронун” колл-борборуна чалууга чакырды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2018 08:04

Парламент

Элдик медицина