«Северэлектро» ААКнын Талас филиалында кыргыз тили күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:15

«Северэлектро» ААКнын Талас филиалында кыргыз тили күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

 IMG_6976 22-сентябрь, Бишкек. “Адеп, ыйман жана маданият жылынын” негизинде 23-сентябрь — Кыргыз тили күнүнө карата «Северэлектро» ААКнын Талас филиалына караштуу шаардык тармагында иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында шаардык электр тармагынын базасында боз үй тигилип, алты бакан курулуп, кыргыз элинин эзелтеден баккан жан-жаныбарлары  байланып, куштары тапталып турду. Бул атмосфера катышуучулардын көңүлүн кыргыздын тилине гана бурбастан, анын дилине, руханий байлыктарына жана мурастарына багыттады. Иш-чара КРнын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, «Северэлектро» ААКнын жана Талас филиалына караштуу райондук электр тармактардын жетекчилери, Талас облустук социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн, “Салбуурун” федерациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Ачылышын шаардык тармагынын жетекчиси Нурдин Осмонов тил жөнүндө кызыктуу баян менен баштады. Ал эми сөз кезегин алган «Северэлектро» ААКнын башкы директору Искендер Кадыркулов куттуктоо сөздөрүн айтып, тилчилердин биздин коомдогу ролу чоң экенин жана мурунку кетирген кемчиликтерди оңдоп, туура багытта кетерине ишеничин билдирди. “Тил — элдин тарыхы. Дүйнөдө биздин тилге тең келе турган тил жок, муну биздин “Манас” эпосу дагы бир жолу тастыктайт” деди И.Кадыркулов.

Мындан сырткары, башкы директор келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө басым жасап, Талас филиалына оңдоо иш-чараларын жүргүзүүгө атайын техникаларды тапшырды. “Бул техника менен өзү эле татаал электр куроочу  жумушу бир аз болсо да жеңилдейт. Техника сиздерге, сиздер элге кызмат кылып жүрө бериңиздер” деген тилеги менен «Северэлектро» ААКнын башкы директору бөлүштү.

Жыйынтыкта катардагы адистер өздөрүнүн таланттарын чакан концерттик программасында тартуулашты. Тил жана мекен жөнүндө ырлар ырдалып, кара жорго, сынык бийлери бийленип, күүлөр чертилип, монологдор айтылып жана баланы бешикке бөлөө боюнча ырым-жырымдарды камтыган кыскача спектакль коюлду.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:15

Парламент

Элдик медицина