«Северэлектро» ААКда жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордонун ишке киргизүү мерчемделүүдө …

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2018 08:16

«Северэлектро» ААКда жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордонун ишке киргизүү мерчемделүүдө …

1Быйыл жайы нда «Северэлектро» ААКда Бишкек шаарынын Т.Айтматов/Салиева, Саратовская көчөлөрүнүн участогунда курулган 110/35/6 (10) кВ чыңалуусундагы  жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордонун ишке киргизүү мерчемделүүдө.

Жаңы объектке чыңалуу бериш үчүн учурда «ТЭЦ-Бишкек» көмөкчордонунан тарта «Бишкек» көмөкчордонуна чейин үч чакырымдан ашуун 110 кВ кабель чубалгысын тартуу иштери жүрүүдө.

Чубалгы «ТЭЦ-Бишкек» көмөкчордонунан тартылып,

Чүй чоң көчөсү менен Буденный көчөсүнө чейин,

Буденный көчөсү менен Огонбаев көчөсүнө чейин,

Огонбаев көчөсү менен Т. Айтматов көчөсүнө чейин,

андан соң Т. Айтматов көчөсү менен «Бишкек» көмөкчордонуна чейин тартылат.

Кабель чубалгысын тартуу үчүн адистер жогору аталган көчөлөрдө тереңдиги эки метрден ашуун траншея даярдашты. Траншеянын түбүнө 10 см калыңдыктагы кум себелешти, башкача айтканда, “төмөнкү жаздыкчасын” даярдап коюшту.  Анын үстүнөн кабель чубалгысы үчүн диаметри 160 мм болгон эки сап полиэтилендик түтүктөрүн (ар бир сапта үч түтүктөн)  жана «Северэлектро» ААКнын байланыш оптико-булалык чубалгысы үчүн диаметри 110 мм болгон т үтүктөрүн орнотушту.

Андан соң, түтүктөргө жарым метр кум себеленет (жогорку жаздыкча). Кабель механикалык жактан жабыркаланбашы үчүн “жогорку жаздыкчаларга” бетон плиталары коюлуп, анын үстүнөн 30 см калыңдыктагы топурак төгүлөт. Акырында, кийинки оңдоо иш-чараларында трассаны аныктоо үчүн топурактын үстүнө сигналдык сызмалары орнотулат. Учурда трасса боюндагы кээ бир участоктор — камера-кудукчалар көмүлбөй калууда. Ушул кудукчалар аркылуу тростун жардамы менен 110 кВ кабель чубалгысы тартылат.

Кабелди тартуудан мурун адистер аягында туруучу муфтага (эки түтүктү кошуучу түтүкчө) тирөөчү түркүктөрдү орнотушат;

башка коммуникациялар менен кесилиштерин ишке ашырышат;

кабелди көмөкчордондорун имаратына фундаменттери аркылуу киргизүү үчүн өткөрүү жолдорун жана кабель тартылгандан кийин бардык трасса боюна себилүүчү кум-шагыл аралашмасын даярдашат.

Бишкек шаарынын келечектеги өнүгүүсүн эске алсак, кийинки жылдары кубаттуулуктун дефицити жогорулай бермекчи жана 40 мегаваттка (МВт) жакын кубаттуулукту түзмөкчү. Ар биринин кубаттуулугу 40 мегавольт-амперди түзгөн эки күч трансформаторлуу жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордонунун сунушталган гана участокто курулушу  (Т.Айтматов/Салиева, Саратовская көч.) борбор калаабыздын ортосундагы жайгашкан 35 кВ көмөкчордондорунун жүктөмүнүн азайышын камсыздай алат:

«Центральная-4» жана «Центральная-6» 8 мегавольтко(МВт);

«Пенько-Джутовая» жана «Электровакуумная» — 10 МВт;

Ошондой эле 110/35/10-6 кВ чыңалуусундагы жогорку вольттогу көмөкчордондордун да жүктөмдөрү азаят:

«Карагачёвая» — 6 МВт;

«Восточная» — 6 МВт

Аталган көмөкчордондордун жүктөмүн азайтуу эсебинен башка жогорку вольттогу көмөкчордондордун жүктөмүн бөлуштүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мындан сырткры күч кабель чубалгыларынын да жүктөмү азаят, жыйынтыкта 6-10 кВ тармактарын өз ара резервдөө шарты түзүлөт . Баса белгилей кетчүү нерсе «Бишкек» көмөкчордонунун ишке киргизилиши менен 40 МВт чейинки жалпы кубаттуулукту түзгөн кайра киргизилип жаткан объектилер электр тармактарга кошула алат.

«Бишкек» көмөкчордонунун курулуш иштери бүткөндөн кийин жана аны эксплуатацияга киргизген соң “Северэлектро” бөлүштүрүү компаниясы бара-бара  6 кВ чыңалуудагы тармактарды 10 кВ которууну мерчемдөөдө. Бошогон 35 кВ күч трансформаторду борбордун бөлуштүрүү тармактарынын мындан аркы өнүгүүсүнө колдонууну божомолдоодо (жаңы конуштар, кичирайондор)

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 17, 2018 08:16

Парламент

Элдик медицина