«Северэлектро» ААК Бишкек шаарында жаңы электр берүүчү кабель чубалгыларын тартууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 10:20

«Северэлектро» ААК Бишкек шаарында жаңы электр берүүчү кабель чубалгыларын тартууда

3 5-ноябрда, «Северэлектро» ААК Бишкек шаарында жогорку вольттогу «Издательство» көмөкчордонунан «Железнодорожный» бөлүштүрүү пункттуна чейин 1 250 метр узундуктагы жаңы 10 кВ кабель чубалгысын куруу боюнча иштерди алып барууда.

Ишке борбордук кабель чубалгыларын ондоо кызматынын электр куроочуларынын бригадалары тартылды. Жаңы кабелди тартуу үчүн электр куроочулар бир метр тереңдиктеги траншеяны дарядашты, ал траншеяга технологияны сактоо менен ток өткөрүмдүлүгү 3×185 мм² түзгөн саймаланган полиэтилен кабель чубалгысынын төрт жиби салынат.

Жаңы чубалгы Лев толстой көчөсү менен Байтик баатыр көчөсүнө чейин тартылат. Андан соң, чубалгы Байтик баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабынан көпүрө алдынан батыш тарабына өтүп, Линейная көчөсү менен темиржол бекетине чейин барат.

“Жаңы кабель чубалгысынын ишке киргизлиши Линейная, Бөкөнбаев, Абдрахманов, Ибраимов көчөлөру менен чектелген чарчысындагы; Москва, Суюмбаев, Токтогул көчөлөрүнүн участокторундагы; темиржол бекети тараптагы керектөөчүлөрдүн электр камсыздоосун жакшыртат”,- деп «Северэлектро» ААКнын инженерлери билдиришти.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 10:20

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина