Сауд Аравия Кыргызстандын медицина тармагына грант бөлөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2018 10:20

Сауд Аравия Кыргызстандын медицина тармагына грант бөлөт

8 Сауд Аравия падышалыгы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 3 миллион 797 миң долларлык грант бөлөт.

Анда эки өлкө ортосундагы «Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона түзүү» долбоору ратификацияланып, 3-апрелде Тунисте кол коюлган документти Жогорку Кеңеш 22-ноябрда кабыл алган.

Аталган гранттык каражат төмөнкү долбоорлорго жумшалат:

-«Кара-Кулжа жана Түп райондорундагы медииналык борборлорду жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуу» үчүн 1 миллион 245миң доллар;

-«Кыргызстандан Сауд Аравиясына этти экспорттоо үчүн Чүйдө карантиндик зона куруу» долбооруна 960 миң доллар;

-«Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо» үчүн 1 миллион 440 миң доллар жумшалат.

Мындан тышкары, гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң доллар консультациялык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2018 10:20

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина