Сасык тумоо өлкөдө кайрадан күч ала баштады

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 20, 2017 11:13

Сасык тумоо өлкөдө кайрадан күч ала баштады

4B911B95-4661-41E4-9B1B-8B6FF3451CAE_cx0_cy19_cw0_w987_r1_s_r120 январь, Бишкек. Сасык тумоо өлкөдө кайрадан күч ала баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бул жумада сасык тумоо менен ооругандардын саны кайрадан көбөйө баштады.

Илдеттин өсүшү Ош менен Баткен облустарынан башка бардык аймактарда байкалууда.

Мектептерде балдардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүлүп жатат.

Министрлик маалымдагандай, мурдагы жылдары сасык тумоонун күч алган мезгили январь, февраль айларына туш келсе, быйылкы жылы жугуштуу илдет кыш башталбай жатып күч алган.

Ноябрдын аягында сасык тумоодон улам Бишкекте жана башка айрым аймактарда мектептердеги окуу токтотулган.

Учурда бардык аймактардагы ооруканаларда сасык тумоо менен ооругандар үчүн кошумча орундар каралууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 20, 2017 11:13

Парламент

Элдик медицина