Сары-Өзөн коому Апрель баатырларын эскеришти

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 12:02

Сары-Өзөн коому Апрель баатырларын эскеришти

4 6-апрель күнү Апрель окуясынын курмандыктары болуп, Ата-Бейитте коюлган баатырларга куран окутушту. Ошол күнү Бакиевдин авторитардык бийлигине нааразы болуп чыккан элге каршы ок атылып, борбор калаанын Ала-Тоо аянтында кудум ушундай күн жаап, атылган октон аккан канды жаан жууп турганы эсибистен эч качан кетпейт. Кыргыз элинин баатырдыгы, ынтымагы ошондо билинген. Өлүмгө тике карап, улам окко учкан балдарыбызды колдон-буттан алып көтөрүп “Тез жардам” машинелерине салып жатышкан балдарга дагы октор атылган. Алардын бир гана максаты — мамлекетке мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү алып келүү болгон. Себеби, Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусу карапайым калкты ар тараптан жакырчылыкка түртүү менен өздөрүнүн авторитардык режимин мамлекетке орното баштаган. Тогуз жыл мурдагы күндүн жаап турушу менен бүгүнкү күндүн жаашынын эч айырымасы жоктой. Шамал, бороон-чапкын жок, жөн гана жаап жатты. Эми гана жерден өсүп чыккан жашыл чөптөр жаандын ыргагы менен куран окутуп келгендерге таазим көрсөтүп жаткандай. Бул жакшылыктын, өнүгүүнүн белгиси деп жоруп койдук. Ата-Бейитке келген Сары-Өзөн коомунун төрагасы Жыргалбек Кумаров, Чүй облусунун аксакалдары Ормон Шаршенов, Эсенгул Исаков, Адамкалый Чыныбаев сыяктуу коомдун мүчөлөрү менен биргеликте 1916-жылдагы Үркүн, 1937-жылдагы Репрессия жана Апрель окуясынын курмандыктары болгон атуулдарыбыздын арбагына куран окутулуп, эстелигине гүл коюлгандан кийин  улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун эстелигине барып эскерүү болду.

Ормон Шаршенов: — 2010-жылы 7-апрель күнү болгон кандуу окуя менин эсимден кетпейт. Менин офисим Ала-Тоо аянтында жайгашкандыктан балдардын окко учуп жатканына өзүм күбө болгонмун. Улам атылган октон жараат алган балдардан аккан кандын жыты аянтты каптап турду. Бирок жааган жаан канды жууп, тазалап жатты. Мындай көрүнүш ааламда болбосо керек деп ойлойм. Эми ушул жерде жаткан кыргыздын баатырларына жаратканым жандарын жаннаттан, өзүнө бейиштен орун берсин.

Сары-Өзөн коомунун төрагасы Жыргалбек Кумаров:

— Мени жаратканым улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өмүрүнүн акыркы жылдары эмгектенген Кыргызстандын Белгия мамлекетиндеги элчилик кызматын аркалаганга насип кылды. Мен Чыңгыз Төрөкулович менен жолукканда буга чейин үч ири иш-чараларда жолукканыбызды жана мамлекет тарабынан менин жоопкерчилигиме жүктөлгөн долбоорду аткарганымды айтып бердим. Ошондо улуу жазуучубуз колумду кыса кармап, иштериме ийгиликтерди каалап, батасын берген. Кийин Белгияда кызматта турганымда да тез-тез байланышып турдук. Чыңгыз Айтматов ааламды багындырган жазуучу эле эмес, кыргыздын акылман уулу, акылгөй адамы катары эсибизде кала берет.

 Эсенгул Исаков: — Ата-Бейит баатырлардын, элим-жерим деген патриоттордун түбөлүк жайы биздин Сары-Өзөн Чүйдөн орун алганы бизди кубандырат. Ушул жерде 1937-жылы кыргыз элинин уулдары Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстановго окшогон аталарыбыз жатат. 1916-жылкы Үркүн курмандынтары, Апрель баатырлары, биздин алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматов бар.

Нурзада Акмат

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 12:02

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина