«Сары-Өзɵн чолпондору» фестиваль-сынак жыйынтыкталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2017 11:50

«Сары-Өзɵн чолпондору» фестиваль-сынак жыйынтыкталды

IMG_2681  30-июнь, Бишкек. 27-июнь күнү «Сары-Өзɵн чолпондору» фестиваль-сынактын гала концерти Т.Сатылганов атындагы  Улуттук филармонияда болуп ɵттү.

Фестиваль-сынакка Чүй ɵрɵɵнүнүн ар бир районунан тандалып алынган чыгармачыл коллективдер катышып, ɵздɵрүнүн ɵнɵрлɵрүн келген конокторго тартуулашты.

Фестиваль-сынакты Өкмɵттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу ɵкүлү Б.Кудайбергенов ачып, балдарга кең келечек каалап, келечекте маданиятыбызды кɵтɵргɵн уул-кыздар болушуна тилектеш экенин айтты. Быйыл «Сары-Өзɵн чолпондору» губернатордук фестиваль-сынактын 12 ирет ɵтүп жаткандыгын белгилеп, жылдан-жылга конкурстун деңгээли ɵсүүдɵ деп ɵз сɵзүн жыйынтыктады.

Андан кийин Өкмɵттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары                          Ж.Исакулов катышуучуларды куттуктап, Премьер-министрдин атынан 50 000 сом тапшырды.

Ал эми Маданият министрлигинин ɵкүлү Р.Бакеев фестиваль-сынактын катышуучуларын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, балдардын талантына талант кошулуп, кыялданган кыялдарына жеткиле деди.

Фестиваль-сынактын жыйынтыгы боюнча 3-орунга Москва жана Сокулук райондук администрациясы ээ болуп 20 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды. 2-орунду болсо Ысык-Ата райондук администрациясы 30 000 сомдук акчалай сыйлык менен кошо  алды. Ал эми 1-орун менен                       40 000 сомду Токмок шаарынын мэриясы багынтты. Гран принин жана 50 000 сомдук акчалай сыйлыктын ээси болуп Жайыл райондук администрациясы табылды.

Балдар биздин келечегибиз дегендей, жаш жеткинчектердин маданият жактан да ɵнүгүп-ɵсүшүнɵ ушул сыяктуу фестиваль-сынактар жардам берет. Мисалы бул фестивалдын айрым катышуучулары Кыргызстандын намысын чет ɵлкɵдɵ коргоп, кɵптɵгɵн ийгиликтерди багынтып жүрүшɵт, алар Гулжигит Калыков, Айбек Бакытбеков жана башкалар Чүй облусунда жылдын башынан бери мындай балдарды маданиятка үндɵгɵн иш-чаралар байма бай ɵткɵзүлүп келет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2017 11:50

Парламент

Элдик медицина