«Сары-Өзɵн чолпондору» фестиваль-сынак жыйынтыкталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 3, 2017 14:15

«Сары-Өзɵн чолпондору» фестиваль-сынак жыйынтыкталды

чолпондор1  «Сары-Өзɵн чолпондору» фестиваль-сынактын гала концерти Т.Сатылгановатындагы Улуттук филармонияда болуп ɵттү.

Фестиваль-сынаккаЧүйɵрɵɵнүнүн арбиррайонунантандалыпалынганчыгармачылколлективдеркатышып, ɵздɵрүнүнɵнɵрлɵрүнкелгенконокторготартуулашты.

Фестиваль-сынакты Өкмɵттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу ɵкүлү Б.Кудайбергенов ачып, балдарга кең келечек каалап,  келечекте маданиятыбызды кɵтɵргɵн уул-кыздар болушуна тилектеш экенин айтты. Быйыл «Сары-Өзɵн чолпондору» губернатордук фестиваль-сынактын 12 ирет ɵтүп жаткандыгын белгилеп, жылдан-жылга конкурстун деңгээли ɵсүүдɵ деп ɵз сɵзүн жыйынтыктады.

Андан кийин Өкмɵттүн аппаратынын жетекчисинин орун басарыЖ.Исакулов катышуучуларды куттуктап, Премьер-министрдинатынан 50 000 сом тапшырды.

Ал эми Маданият министрлигинин ɵкүлү Р.Бакеев фестиваль-сынактын катышуучуларын бүгүнкү майрамы менен куттуктап,  балдардын талантына талант кошулуп, кыялданган кыялдарына жеткиле деди.

Фестиваль-сынактын жыйынтыгы боюнча 3-орунга Москва жана Сокулук райондук администрациясы ээ болуп 20 000 сом акчалайсыйлык тапшырылды. 2-орунду болсо Ысык-Атарайондук администрациясы 30 000 сомдук акчалай сыйлык менен кошо алды. Ал эми 1-орун менен 40 000 сомду Токмок шаарынын мэриясы багынтты. Гран принин жана 50 000 сомдук акчалай сыйлыктын ээси болуп Жайыл райондук администрациясы табылды.

Балдар биздин келечегибиз дегендей, жаш жеткинчектердин маданият жактан да ɵнүгүп-ɵсүшүнɵ ушул сыяктуу фестиваль-сынактар жардам берет. Мисалы бул фестивалдын айрым катышуучулары Кыргызстандын намысын чет ɵлкɵдɵ коргоп, кɵптɵгɵн ийгиликтерди багынтып жүрүшɵт, алар Гулжигит Калыков, Айбек Бакытбеков жана башкалар Чүй облусунда жылдын башынан бери мындай балдарды маданиятка үндɵгɵн иш-чаралар байма бай ɵткɵзүлүп келет.

Жибек ШАРШЕНБИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 3, 2017 14:15

Парламент

Элдик медицина