Сары-Өзөн Чүйдүн сыймыгы, футболчу Киличбек Бердыбеков …

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:17

Сары-Өзөн Чүйдүн сыймыгы, футболчу Киличбек Бердыбеков …

9 Киличбек Бердыбеков: “Кыргыз футболун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү кийинки муундун алдындагы чоң жоопкерчилик …”

-Ооба көпчүлүгүбүз спортту жакшы көрөбүз, баардык спорт түрүнүн  ичинен өзгөчө футболду жакшы көргөндөр көп экени да талашсыз. Кыргызстан дүйнөлүк атаандаштыкка чыга албасак да, акыркы учурда “Ак шумкар” аталышындагы футбол командабыз Азия чөлкөмүндө артыкчылыктарга ээ болуп келет. Анын аркасында Азамат Байматов өңдүү футбол жылдыздарыбыз да пайда болуп, намыс үчүн жан үрөп ойноп келишет. Дал ушул спорттун түрүн сактап, кыргызстанда “футбол” федерациясын алгачкылардан болуп түзгөн, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, FIFA футбол федерациясынын күмүш медалынын ээси Киличбек Бердибеков мырза менен маектештик.

-Саламатсызбы? Киличбек Жакыпбекович алгач өзүңүздүн балалыгыңыз, жаштыгыңыз туралуу кеп курсак.

            -Саламатсыздарбы, макул жакшы болот. Мен Аламүдүн районуна караштуу Мыкан айылынан болом. Атамдын туулуп өскөн жери дал ушул Мыкан айылы.  А… өзүм 1946-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм.  Үч бир тууганым бар. Улуу  эжебиз Шуру Фрунзе политехникалык институтунун энергетика факультетин аяктаган. Андан кийин мен. Москва академиясынын Физкультура институнун  1986-жылы аяктадым. Иним Айбек. Ал  Москвадагы транспорт институнун  окуп бүтүргөн.  Окуусун аяктаган соң алгач Москвада иштеп жүрдү, андан кийин Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев кыргызстанга кызматка чакырып, ошондон кийин өмүрүнүн аягына чейин өз мекенинин жолун куруп иштеди. Айбектен кийин дагы бир иним Нурбек. Ленинградагы киноинженер институтун аяктап телестудияда иштеди. Бир туугандарым менен сыймыктанам!

-Ушундай  илим-билимдүү уулдарды тапкан, эркелетип баккан ата-энеңиз жөнүндө эки ооз кеп сала кетсеңиз.

— Ооба  албетте,  атам Бердыбеков Жакыпбек жогорку билимдүү юрист.  26 (жыйырма алты) жашында Кыргызтан КП БКнын басма сөз бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди,  кийин кулака тартылган адамдын уулу деп кызматтан кеткен. Андан кийин атам Кыргызстандагы Эл аралык котормо агенттигинде (КырТаг) котормочу болуп  28 жыл  эмгектенди. Маркс, Энгельс, Ленин деген белгилүү сочинение жыйнагын которгон киши менин атам. Атамдын урматтаган айылдаштар Мыкандагы мектепти “Бердыбеков Жакыпбек” атындагы орто мектеп деп которушту.  Апабыз Данагүл турмуш шартка байланыштуу билим ала алган эмес. Бирок ошого карабастан билимге өтө маани берген, тартипти сүйгөн, эл менен бат тил табыша алган, мээримдүү киши эле. Апабыз жөнүндө сөз болгондо анын жакшы сапаттарын айтып келиндери биринчи көзүнө жаш алат. Мына  ушунун өзү эле анын кандай адам болгонун айтып турса керек. Атамдын каттал тартиби, апамдын жумшак  мээриминин аркасында балдары ушундай бийиктиктерди багынттык деп ойлойм. Жаткан жерлери жайлуу болсун.

-Окууну аяктап, алгачкы иштеген жылдарыңыз жөнүндө айтып кетсеңиз.

            -Москвадагы дене тарбия институтун аяктагандан кийин, өспүрүм балдардын футбол  кулубунда  тренер болуп биринчи жумушка кирдим. Азыр ойлосом ал жылдары  менин  жашоомдогу эң оор да ошол эле учурда эң бактылуу да жылдарым экен. Биздин стадион учурдагы Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан Азия Молдун оордунда эле.  Кыш, суук, шарт жок. Баарына  кайыл болуп кесибимди сүйгөн үчүн тынымсыз эмгектендим. Эгерде ошол кездегидей шарт болсо азыркы жаштар иштейт беле же жок беле деп ойлоп калам. Кылган эмгегимдин акыбети кайтып футболчуларды даярдоочу  олимпиадалык  резервдин  борборунда  тренер болдум. Андан  ары ССРдин мамлекеттик комитетинин Кыргызстан боюнча машыктыруучусу, Кыргызстан футбол федерациясынын президенти деген жогорку даражаларга жеттим. Айтор ысыкка күйгөн, суукка тоңгон жылдарым текке кетпеди.

-  Кыргызда “Жакшы аял жаман эркекти жакшы, ал эми жакшы эркекти хан кылат”- деген макал бар, ансыңары сиздин ушул даражага  жетишиңизге кыргыздын тарыхында орду бар Жангарач бийдин небереси Мира Камиловна менен өмүр кечиришиңиз да өзүнчө сыймык болгон чыгаар.

— Ооба туура айтылган кеп. Көңүлүң ток, санааң тынч болгондо гана жумушта  жакшы  жетишкендиктерге  жетише аласың. Жубайым  Философия илимдеринин  кандидаты, доцент  Мира  Жангарачева, бир нече мамлекеттик кызматтарда иштеген көрүнүктүү, билимдүү инсан. Сиздер айткандай Солто элинен чыккан Жангарач  бийдин түздөн-түз небереси.  Экөөбүз студенттик жылдары таанышканбыз. 5 жыл дос болуп, баарлашып жүрүп андан кийин үйлөнүү  сунушун 1973-жылы киргизгем. Баш кошуп бирге жашаганыбызга 46 жылдын  жүзү болду. 46 жыл аралыгында сүйүктүү жубайым,кеңешчим, эң жакын досум, жалгыз көрөөр көзүм, кызым Шайырдын мээримдүү энеси болду десем болот. Кызым Шайыр, Алматыда юридика факультетин аяктап учурда 2 неберемдин энеси.

-Азыркы кыргыз футболун өнүктүрүү үчүн кандай иштер жасалууга тийиш? Сиздин жеке оюңуз.

-Кыргыз футболу акыркы учурда чоң жетишкендиктерге жетишип жатканы мени абдан кубантып жатат десем жаңылышпайм. Мен иштеп жүргөн алгачкы жылдары мамлекет тарабынан эч кандай колдоо, коргоо жок эле. Тескерисинче СССР тарап, Эгемендүүлүккө жетишкен жылдары футболду жоюу чечими кабыл алышкан. Көп жылдар футбол тренери болуп туруп, 15           жашымдан  “Алга” курама командасында ойноп чоңоюп, 70тен ашык өлкөдө кыргыздын желегин желбиреткен адам катары  Кыргызстанда футболдун  жоюлушуна  жол берип коюу мага кечирилгис күнөө болмок. Мен жалгыз элем. Ошол  кездеги FIFAнын президенти Йозеф Блаттер мен тарапка кошулуп Кыргызстанда футбол федерациясын түздүк да Кыргыз футболун сактап калдык. Мен өз миссиямды татыктуу аткардым…деп ойлойм. Андан ары өнүктүрүп, дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү кийинки муундун алдындагы чоң жоопкерчилик деп эсептейм.

-Келечек муун, жаштарга айтаар кеп-кеңешиңиз.

-Кыргыз  жаштарынын спорт менен машыгып формада жүрүшүн каалайт элем. Себеби, акыркы учурда кийинки муун жаштарыбыз өздөрүн карабай, спорт менен машыгып туура тамактанбай жүрүшүп, таза кыргыз гени, баатыр аталарыбыздын элеси жоголуп, майдаланып бара жатабыз. Кыргыздын келечеги билимдүү жаштардын колунда, ошондуктан талыкпай билим алгыла. Максатты туура коюп, эч качан койгон максатыңардан артка кайтпагыла. Себеби ийгиликтин сыры, туура коюлган максатта!

Азамат Дүйшөнбай уулу                        

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 11:17

Приемная кампания 2020

Элдик медицина