Сары-Өзөн Чүйдүн командасы чемпион!

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 10:57

Сары-Өзөн Чүйдүн командасы чемпион!

7 Жакында Сары-Өзөн Чүйдүн мектеп окуучулары жергесине чоң кубаныч тартуулашты. Облустун намысын коргогон “Нур” командасы чемпион наамын жеңип алды. Уккандын баары көңүлдөрү көтөрүлө кубанды.

Кыргыз улуттук телерадиосунун “Манас” таануу интеллектуалдык телетаймашы долбоорунун республикалык сынагында Аламүдүн районундагы О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин “Нур” командасы эң сонун оюн көрсөттү. Акыл-ой мелдешинин ар бир тапшырмасы боюнча бул мектептин 7-классынын окуучулары Байэл Токтосунов, Бермет Ниязбекова, Алтынай Мамаширопова, Беназир Сүйүнбай кызы, Даниэл Руслан уулу мыкты билими, тапкычтыгы менен айырмаланышты. Өткөндөгү март айынын башындагы облустук телетаймашта биринчи орунду ээлегендей, бул жолу да калыстарды, теле көрүүчүлөрдү кубантып, сезилерликтей артыкчылык менен жеңишке жетише алышты. Алардын, чемпиондордун билимкөйлүгүнө баары суктанышты.

Бул жеңиш бекеринен жаралган жок. “Нур” командасы өткөн жылы да Сары-Өзөндүн чемпиону болгон, ал эми республикалык мелдеште экинчи орунду ээлеген. Эми ошол ийгиликтерди бекемдеп, республиканын чемпиону болуп калышты.

Сары-Өзөн Чүйдү даңазага бөлөгөн “Нур” командасын такшалтып-даярдоодо мурда ушул мектепте 14 жыл директор болуп макталган, андан берки узак мезгил бою мугалимдик иште да өзүн көрүнүктүү педагог катары көрсөткөн Сыйнаш Иманкулова зор эмгек жумшады. Ишке берилген, окуучуларга терең билим берүүгө бүт күчүн жумшаган кыргыздын чыныгы патриот инсаны экенин нечен ирет далилдей алды.

Бер-Булак орто мектебинин директору, тажрыйбалуу жетекчи жана мыкты мугалим Гүлнара Мамбетиманованын жогорку кесипкөйлүк ишмердиги ар кимди кубантпай койбойт.

Ооба, алар чыны менен эң алдыңкы мугалимдер. Ушундан улам:  кеңири кадырлоого ээ болгон Сыйнаш Иманкулова менен Гүлнара Мамбетимановага “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы эмнеге берилбеген?  деген жүйөлүү суроо туулбай койбойт. Бул жагын Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмү,  Билим берүү жана илим министрлиги эске алат деп ойлойбуз.

Касиеттүү, кереметтүү Сары-Өзөн Чүй, өзүңдү сыймыкка бөлөгөн жеңүүчү балдарыңды , мыкты окуучу, мугалимдериңди жүрөк сүйүнө кадырлап тосуп алып, ардактап-сыйлап жатканына баарыбыз кубанабыз! Ийгиликтериң, жеңиштериң арта берсин!

К.РАМАТОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 10:57

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина