Сары-Өзөн Чүйдүн баатыр энелери

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 13:59

Сары-Өзөн Чүйдүн баатыр энелери

13  «Адам өлсө, сөзүкалатартында,

Жакшыатагы,жашай берет калкында».

(ЖусупБаласагын)

 

“Бейиш-эненин таманында” деп кыргыздар бекеринен айтпаса керек. Энелер туралуу көптөгөн уламыштар, макал-лакаптар, сындар, ырлар, санаттар, казалдар, дастандар бар. Байыркы Энесай доорунда элибизден Муңайбас, Айнуру, Кызалма деген баатыр, акылман аялдар чыккан. Чыгыш менен батыштын хандары жана падышалары кыргыздардан кызалып, куда-сөөк болууга кызыгышкан.

Кыргыз тарыхында Каныкейдей, Айчүрөктөй сулуулар, Жаңыл мырзадай, Кыз Сайкалдай айбаттуу баатырлар болгон. Мамлекетибиздин атын чыгарып, дүйнөнү дүңгүрөткөн XX-XXI – кылымдын кыйын чыкма кыздарын, анын ичинен Сары-Өзөн Чүйдүн кыздарын эскерип, сыймыктануу менен айтпасак болбостур. Алар СССРдин убагында Социалисттик Эмгектин баатырларынан, өнөрү менен дүйнөнү таң калтырган мыктылардан болгон. Азыр деле Чүйдүн уучу кур эмес. Эмесе, сөз башынан болсун.

Күлсара Сулайманова Социалистик Эмгектин Баатыры

Күлсара энени айтса сөз, жазса кагаз түгөнбөйт. Ал 1930-жылы Панфилов районунун Каптал-Арык айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Жайылов Абдылда, энеси Шаарбала Зарылбек иниси экөөнү кичинекей кезинен баштап эле чынчылдыкка, алилеттүүлүккө, патриоттулукка тарбиялаган. 1937-жылы 7 жылдык мектептен билим алып, эмгек жолун 13 жашында Каптал-Арык айылынан кызылча терүү менен баштаган. 1947-жылы ушул эле райондун Жайылма айылында Сулайманов Бейшенаалыга турмушка чыгып, орто мектепти сырттан бүтүргөн.

Ал 15 жашка чыкканда, атайын звено түзүп алып, өз алдынча иштей баштаган. Күндүн аптабына кайыл болуп, берилген планды ашыгы менен толтуруп келген. “Эл эмгегин жер жебейт” демекчи, Күлсара Сулайманованын эмгеги мамлекет тарабынан баалынып,  1961-жылы Алма-Ата шаарына Кыргызстандан делегат болуп барып, КПССС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н.С.Хрущев менен жолугушкан. 1965-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамын алган. “Алтын Жылдыз”, Ленин ордендери менен сыйланган. 1966-жылдан 1974-жылга чейин СССР Жогорку Советине депутат, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү болуп шайланган. 1971-жылы КПССтин XXIV съездинин, 1976-жылы XXV съезддинин делегаты болгон.

1956-жылдан 1987-жылга чейин кызылчачылар звеносун жетектеп келген. 1968-жылы «Баатыр эне»  ардактуу наамын алган. 1980-жылы персоналдык пенсия алуу менен ардактуу эс алууга чыккан. Бүгүнкү күндө Күлсара эне 89 жашта, 33 небере, 37 чөбөрө көрүп, бактылуу өмүр сүрүүдө.

 КеримбүбүШопокова

 Чүй областынын Сокулук районунакараштуу Сокулукайылында 1917-жылы кембагаладамдынүй-бүлөсүндө туулган. Ал бир жашка чыкканда атасы, 13 жашка чыкканда энеси көз жумуп, тоголок жетим калат да, аталаш тууганы Сарынын колунда өсөт.

Керимбүбү Шопокова кыргыздар мурда өстүрүп көрбөгөн кызылча өстүрүп, талаада иштеген. 1941-жылы өзүнчө колхоздук звено түзүп ага өзү башчылык кылган. Ал жетектеген звено кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап алган. Кандуу согуштун каардуу жылдарында моралдык туруктуулугун жана жан аябастыктын үлгүсүн көрсөткөн эмгек адамы.

1946-жылы Ленин ордени андан көп өтпөй Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган 1957-жылы СССРдин жетекчиси Никита Сергеевич Хрущев Кремлде Социалисттик Эмгектин Баатырынын “алтын жылдызын” тапшырган. 1997-жылы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

СССР Жогорку Советинин жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына бир нече жолу көрсөтүлүшү, КПССтин XXI жана XXII съездеринин, колхозчулардын Бүткүл Союздук II съездинин делегаты болушу анын союз элине, анын ичинде Кыргыз журтчулугуна зор кызмат кылгандыгын айгинелейт.

Бир кыз, бир уулду болушат. Кызынын аты-Сагынбүбү, уулунун аты-Сатарбек. Согуштан кийин беш уул багып алган.

Зууракан Кайназарова

1902-жылы Сокулук районунун Жыламыш айылындакембагал адамдын үй-бүлөсүндө туулган.

Эмгек жолун 1929-ж. Сокулук районундагы Калинин атындагы колхоздо кызылчачы болуп иштөөдөн баштаган.

Көп өтпөй звено башчылыгына көтөрүлүп, беш жүзчүлөрдүн бүткүл союздук социалдык мелдешине катышып, кант кызылчасынан жогорку түшүм жыйнап алууга жетишкен. 1949-ж. Калинин атындагы колхоздун башкармасынын төрайымы болуп шайланган.
Анын жетекчилиги алдында колхоздун экономикасы кыйла чыңдалган.
1952-жылы колхоздор ирилештириле баштаганда Зууракан Кайназарова Сокулук районундагы «Дружба» колхозунун звено башчылыгына өткөн.

1937–54-ж. СССР Жогорку Советинин, бирнечежолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты,Кыргыз ССР Жогорку Советининтөрагасынын орун басарыболгон. Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Тууордени менен сыйланган.

Бүбүсара Бейшеналиева

 Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Ташдөбө айылында, дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Белгилүү советтик балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири.

193б-1941-жылдары Ленинград хореографиялык окуу жайында окуп, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы солисти болгон. 1947-жылы Кыргыз ССР эмгек синирген артисти, 1954-жылы республиканын эл артисти наамына жеткен.

Кыргызбалет атагын чыгарган. Бүбүсара Бейшеналиева катышкан «Чолпон» балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Өзгөчө 1958-жылы, кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-декадасында Б.Бейшеналиева борбордук көрүүчүлөрдүн да, адистердин да эң жогорку баасына татыган. Башкы партиясын Бүбүсара аткарган «Асел» балети мыкты опералык жана балеттик спектаклдердин конкурсунда сыйлыкка ээ болгон. Ошол эле ролду аткарганы үчүн 1970-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.СССРдин Жогорку Советинин 6-7-чакырылышынын жана Кыргыз ССРнин ЖКнин депутаты.Узакка созулган катуу оорудан улам 1973-жылы 10-майда дүйнөдөн кайткан.

Бакен Кыдыкеева

СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкеева 1920-жылы 20-сентябрда Кант районундагы Октябрь айылында туулган.

Сахнадагы ишмердигин 16 жашында Кыргыз жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенүүдөн баштаган. Бакен Кыдыкееванынэмгектериэскеалынып, 1970-жылы СССРдин Эл артистидегеннаамберилет. Ушул эле жылытеатрдагымыктычеберчилигиүчүнКыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына ээ болот. Андансоң Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Бүткүл союздук кинофестивалда “Актердук иш үчүн сыйлык” номинациясын жеңип алат.

Даркүл Күйүкова

СССРдин Эл артисти Даркүл Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда Ворошилов,азыркы Аламүдүн районунун Төкөлдөш айылында туулган.

Ал өзүнүн сахнадагы ишмердигин 1936-жылы Фрунзе шаарындагы жаш көрүүчүлөрдүн театрында иштөөдөн баштаган. Ошондон бери ал жүздөн ашуун ар түркүн мүнөздөгү ролдорду аткарып, аялдардынбийик көркөмдүктө жаралган образдары республиканын театр искусствосунун казынасын байытты. Даркүл Күйүкова жаратылыш берген актердук чеберчилигинин аркасы менен Кыргыз мамлекеттик академиялыкдрама театрында мыкты делген спектаклдерде эң татаал, эң жаркын образдарды жарата алган.

Анын эмгектери эске алынып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болгон. Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти наамдарын алган. Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ардактуу лауретына татыган. Ошондой эле бир канча ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Кайыргүл Сартбаева

Сахнаханышасы аталган Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. СССРдин эл артисти, тажрыйбалуу педагог. «Манас» ордени, ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы менен сыйланган.

Опера ырчысы, СССР эл артисти классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды аткарат, алардын ичинен «Манас» операсында Каныкейдин , «Айчүрөктө» Айчүрөк, Калыйман, Келин жана башкалардын образдарын жогорку чеберчиликте аткарган. Анын репертуарында дүйнөлүк алп композиторлордун жана европалык классиктердин өлбөс — өчпөс романстары бар. Улуу талантты дүйнө эли “Айчүрөк” жана «Чио-Чио-Сан» аттуу белгилүү опералардан улам тааныйт.

«Ырчылыкөнөрменинбактым, жашоом,менинөмүрүм. Ошолөнөрдүбагыпбапестепжүрүп, СССР эл артисти деген наамга жетиштим окшойт. Касиеттүү Манас атабыздын II жана III даражадагы ордендер жөн эле берилбесе керек. –дейт өзү.

Самара Токтакунова

Комузда кол ойнотуп, дүйнө элдерин таланты менен тамшанткандардын арасында Самара Токтакунованында  ысымы бар. Белгилүү комузчу, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти 1944-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

Атай, Карамолдо, Ыбырайлардын черткен күүлөрүн так өзүндөй аткарып, ал ойноп жатканда залкарлар өздөрү аткарып жаткансыганы эженин ким экендигинен кабар берип турат. Самара эженин эмгеги жогору бааланып, 1975-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1982-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, 1984-жылы “Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты”, 1988-жылы СССРдин Эл артисти деген наамдарга татыган.

Сайра Кийизбаева

Азыркы Аламүдүн району, эскиче Ворошилов районуна караштуу Төкөлдөш аймагында1917-жылдын 7 – ноябрында туулган.

Үнү лирика-драмалык сопраноСайра Кийизбаева 1938-жылы Кыргызмузыкалуу драма театрына солист болупкирген. 1947–49-жылдары Москва консерваториясында окуган. 1953-жылы Чоң театрда Пуччининин «Чио-Чио-Сан» операсында Баттерфляйдын партиясын (орустилинде), Кыргыз операларындагы башкы партияларды («Манаста» – Каныкей, Айчүрөктө – Айчүрөк, «Токтогулда» – Тотуя) аткарган.

Бир нече жолу Кыргыз ССР ЖогоркуСоветине депутат да болот.

Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардакбелгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 7, 2019 13:59

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина