Сапаты баасына төп келген 4WD “Соболь” тез жардам унаалары …

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 17, 2020 09:23

Сапаты баасына төп келген 4WD “Соболь” тез жардам унаалары …

2 Социалдык тармактарда Дүйнөлүк банктын ERIK долбоорунун алкагында КР Саламаттык сактоо министрлиги сатып алган жаңы 13 тез жардам автоунаасынын баасы абдан эле жогору экендиги айтылып, кызуу талкууга алынууда.

Ага байланыштуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов түшүндүрмө берип, өлкөнүн аймактары үчүн атайы дизель майы керектелчү 4WD “Соболь” унаалары алындыгын айтты.

“Алардын ичине жасалма дем алдыруучу системалар, кычкылтек балондору, улууларга жана балдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон бардык жабдуулар орнотулган. Баасы болжол менен алганда 49 миң доллардан айланды. Экинчи класстагы 3 даана реанимобилге болсо кубаттоочу шаймандары менен жасалма дем алдыруучу аппараттар орнотулган. Форд Транзит үлгүсүндөгү ар бир унаанын баасы 90 миң доллардан туура келди”, – дейт ал.

Исмаиловдун маалыматына караганда, тендерге жалпысынан 4 фирма катышып, өз кызматтарын арзан сунуштаган компания тандалып алынган.

“Бул тез жардам унааларынын комплектациясы жөнөкөй унаалардыкына салыштырмалуу башкача болот. Тендерди уткан компания унаанын ичине орнотулчу медициналык жабдуулардын техникалык параметрлерин көрсөтүп, ага ылайык, транспорт каражаттары жабдууланган. Андан соң гана консорциумга берилди. Бул жакта бекитилген өзүнчө эксперттик топ жана тендердик комиссия өз бааларын беришти. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин макулдугунан өткөн соң тез медициналык жардам унаалары КР Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Биз жаңы атайы техникаларды текшерип чыктык. Сапаты баасына төп келди. Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү тармагында эмгектенген эксперттер дагы оң баасын беришти”, – деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле ал сатып алуу тендердик комиссиянын тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 17, 2020 09:23

Приемная кампания 2020

Элдик медицина