Сапаттуу билим — өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 14:21

Сапаттуу билим — өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө

8  «Адилеттүү келечек” коомдук  фондунун жетекчиси Эльдар Абакиров Чүй районуна караштуу Арпатектир, Кегети, Дөң-Арык, Советское, Чапай айылдарынын мектептерине жаңы технологиядагы акылдуу  «Promethean» панелдерин белекке тапшырды. Анын бул кадамы элеттен чыккан   билимдүү жаш муундардын  келечегине кошкон зор салымы  болду десек жаңылышпайбыз.

Белгилей кетсек, интерактивдүү акылдуу панель окуучулардын көңүлүн сабактын биринчи мүнөттөрүнөн баштап өзүнө дароо бурдуруп, билимдерин тереңдетип, эсте калуу тутумун өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Аталган тактанын  баасы  2,5 миң доллар турат. Аны менен 10 миң саат убакыт иштөөгө болот. Акылдуу панелдин иштөөсүн көрсөтүү жана аны менен тереңирээк  таанышуу аземи  16-ноябрда  Кегети айылынын О.Исаев атындагы орто мектебинде  өттү. Жаңы технологияны көрүүгө  айыл аксакалдары, ата-энелер,  аталган мектептин мугалимдер жамааты жана жергиликтүү тургундар келишти.

Бул күнгө чейин сабак  өтүүдө мугалимдер  жөнөкөй окуу тактасын жана аны менен иштөөдө жазуу үчүн борду  пайдаланып келишкен.  Эми андай күндөр артта калмакчы. Жаңы такта менен  интернетке кирип, сабактарды компьютерге, ноутбукка туташтырып өтсө болот. Бул тууралуу Кегети айылынын кулуну,  меценат Эльдар Абакиров мектепке келген аземдин катышуучулары алдында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Андан соң ар бир предметтин мугалими аземдин катышуучуларына интерактивдүү акылдуу панелди колдонуп, ачык сабактарын өтүштү.

Тарых мугалими  Гүлзат Рысалиева  акылдуу панелди  пайдаланып кийилген кийимдер, колдонулган эмгек жана согуш куралдары кайсы доордо колдонулганын, тарыхый окуялардын жүрүшү кайсы мезгилге таандык экенин көрсөтүп, анда колдонулган ыкмалар мугалимдердин  жана окуучулардын убактысын үнөмдөп,  кыска убакыттын аралыгында көптөгөн маалыматтарды  кабыл алууга мыкты шарт түзүлгөнүн билдирди. Ошондой эле физика  сабагынын мугалими  Мадина Бексултанова чагылгандын түрлөрү, качан жана эмнеге пайда болоору тууралуу тактада көрсөтүп, аннимациянын жардамы менен  чагылгандын үнүн угузуп, пайдалуу сабак өттү. Ал эми география мугалими Анара Шейшеналиева жер шарындагы кубулуштар, глобустун түзүлүшү, материктер,  экватор сызыгы, ысык-мелүүн- муздак алкактар тууралуу кыска убакыттын ичинде көптөгөн маалыматтарды акылдуу панель аркылуу угуучуларга жеткизе алды.

Келечекте акылдуу панель менен иштөөнү жайылтууда  Кегети айылындагы орто мектепте  башка мектептердин мугалимдери үчүн окуу –семинарлар өткөрүлүп, тажрыйба алмашууга басым жасалат. Бул тууралуу аталган мектептин мүдүрү Акжолтой Сатыбалдиева билдирди. Аземдин катышуучулары Эльдар Абакировго элетте окуган окуучулардын билимин жогорулатып, алардын окууга болгон кызыгуусун арттырып, илим-билимдин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн чоң ыраазычылыктарын билдиришип,  ак баталарын беришти.

Мугалимдер жамааты Эльдар Абакиров билим берүү жаатына 10 жылдан ашык убакыттан бери  материалдык-техникалык жактан зор жардамын берип келе жаткандыгын белгилешти. Алсак, 2010-жылы элет окуучуларын ОРТга даярдады.  Анын натыйжасында,  бүтүрүүчүлөрдүн көбү  жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнө өтүштү.  Кегети мектебинин дааратканасын куруп берди, мектеп ичине суу түтүктөрүн өткөрүп, суу жылыткыч “Аристондор”  менен камсыз кылды.  Былтыр мектепте анын жардамы менен  “Электрондук китепкана”  ачылган.

— Эльдардын келечеги кең. Ал окуучуларды бекер окутуп, мугалимдерге да чоң жардам берип келе жатат, — деди  “Эл мугалими” Симила  Муканбетовна  Сатыбалдиева.

Ал эми  Эльдар Абакиров өзү билдиргендей, мындан 10 жыл мурун мектепти бүткөн окуучулар учурда өздөрү бутуна туруп, муктаж болгон окуучуларга жардамдарын аябай келишет.  Андыктан окуучуларга заманбап билим берүүнү улантуу, бүтүрүүчүлөр арасында ОРТ боюнча жогорку баллга ээ болгон окуучуларга стипендия ыйгаруу, мектептерде “Китеп окуйлу” сынагын жандантуу —  анын жакынкы пландарына кирет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 14:21

Приемная кампания 2020

Элдик медицина