Сапар Исаков жумушчу сапары менен Чүй облусунда болду

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:19

Сапар Исаков жумушчу сапары менен Чүй облусунда болду

SAB_941522 сентябрь, Бишкек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков   16-сентябрда  алгачкы жолу жумуш сапары менен Чүй облусунун айрым райондору менен шаарларын кыдырды.

Жумуш сапарында Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында жайгашкан аймактык оорукананын абалы менен таанышты. Премьер-министрди Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Кудайбергенов, Ысык-Ата районунун акими К.Кожомкулов, шаардын мэри Э.Абдрахманов жана башкалар жандап жүрүштү.

Т.Батыралиевдин айтымында, оорукана 270 адамга ылайыкталып, Ысык-Ата районунун тургундарын тейлеп келет. Ооруканада 1978-жылдан тарта капиталдык ремонт жүргүзүлө элек экендигин да билдирди. С.Исаков 2017-жылдын аягына чейин ооруканада жүргүзүлүп жаткан жылуулук системасынын ремонтун аягына чейин чыгарууга, ошондой эле мекемеге лифт орнотуусуна тапшырма берип, оорукананы капиталдык ремонттон өткөзүү маселеси жаңы жылда бюджетти бекитүүдө караларын айтып өттү. Премьердин кийинки сапары Кант шаарындагы “Чупра” кургатуу каналынын абалын кароо менен уланып, ал тууралуу маалыматты Кант шаарынын мэри Э.Абдрахманов билдирди. Анын айтымында кургатуу арыгынын булганышы шаардын үстүнкү аймагында жайгашкан үйлөрдү  каптап кетүү  коркунучу бар экенин айтып, кургатуу каналын тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн                3 млн. сом керектелерин билдирди. С.Исаков Кант шаарынын мэрине суу кургатуучу каналын  тазартуу боюнча долбоорун тез арада иштеп чыгып Өкмөткө кароого жөнөтүүсүн тапшырды. Мындан тышкары, райондун аймагында жайгашкан эт азыктарын жана жарым фабрикаттарды  суткасына 20 тонна өндүрүүчү «Адал-Азык» ЖЧК ишканасына, 100 тонна сүттү суткасына өндүрө алган «Кант-Сут» ЖЧК жана айнек чыгаруучу  “Интергласс” ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып өттү. Райондун Будёновка айылынын тургуну, II топтогу майып К.Мундузбаевдин ден соолугун сурап, ага материалдык жардам көрсөтүп, андан ары Токмок шаарынын борбордук базарына келип сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен шаардын социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн талкуулап, шаардын мэри Ж.Шамыралиевге айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө тапшырма берип, Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү программасында көптөгөн комплекстүү  ченемдер каралгандыгын эскертти.

 

Жибек ШАРШЕНБИЕВА

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:19

Парламент

Элдик медицина