Салык кызматы жашыруун салыктын эсебинен бюджетке 20 млрд. сомго жакын каражат топтоду

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2018 00:56

Салык кызматы жашыруун салыктын эсебинен бюджетке 20 млрд. сомго жакын каражат топтоду

15 Мамлекеттик салык кызматы текшерүүнүн жыйынтыгында жашыруун салыктын эсебинен бюджетке дагы кошумча 20 миллиард сомго жакын каражат топтоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 жарым миллиард сомго көп. Эксперттер белгилегендей бул салык кызматында жүрүп жаткан реформанын алгачкы жемиштери.

Эмне себептен ишкерлер кирешелерин жаап жашырып, көмүскөдө иштөөнү туура көрөт. Экономика тармагы боюнча талдоочу Сергей Пономаревдин айтымында эсеп-кысап отчёттору татаал, салык төгүмдөрү боюнча түшүнбөстүктөр кездешет. Баары эле кандай документке кол коюп жатканын билбейт. Мындан улам талдоочу салык системасын жөнөкөйлөштүрүү же либералдаштыруу зарыл деп эсептейт. Ошондой болгондо мамлекет да, бизнес да жада калса жөнөкөй жарандар да пайда көрөт. Ошенткен менен эксперттердин пикиринде Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда салык тутуму жөнөкөйлөштүрүлгөн. Ошенткен менен салык тутумун өркүндөтүү ашыкча болбойт. Себеби рейтингде Кыргызстандын аймагы чакан жана салыштырмалуу байлыктары да анча көп эмес. Ошондуктан салык системасынын либералдуу болгону мамлекетке да, ишкерлерге да пайдалуу.

Кепилдик фондунун уставдык капиталы 300 миллион сомго көбөйтүлдү

Ишкерлер үчүн бизнесин илгерилетүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кепилдик фондунун уставдык капиталы 300 миллион сомго көбөйтүлдү. Мындай чечимди шарттаган документке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул каражат өзгөчө аймактарда орто жана чакан бизнесин кеңейтүүнү каалаган ишкерлерди колдоого жакшы жардам болот. Себеби ишкерчилигин илгерилетүү үчүн банктардан каражат алуу үчүн, Кепилдик фондунун жардамын алууга кайрылган бизнесмендер абдан көп.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2018 00:56

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина