Салык кызматы өлкөгө 5 млн 700 миң сом зыян келтирген

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 14:28

Салык кызматы өлкөгө 5 млн 700 миң сом зыян келтирген

10 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Мамлекеттик салык кызматындагы ири коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мекеменин жүргүзгөн иликтөөлөрүнө ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн биринен кошумча нарк салыгын алууда жасаган мыйзамсыз иши аныкталды. Мунун кесепетинен өлкө казынасы 5 млн 700 миң сом зыянга учураган. Учурда бардык акчалар казынага кайтарылды.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесине (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши ачылып, Бишкек шаардык салык кызматынын аймактык башкармалыгынын инспектору, бөлүм башчысы, Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бөлүм башчысы суракка чакыртылды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 24, 2020 14:28

Приемная кампания 2020

Элдик медицина