Салттуу музыкага 15 жыл

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:09

Салттуу музыкага 15 жыл

3 Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында “Дастан күнү” белгиленип,көрүүчүлөргө Казакстан, Өзбекстан жана Каракалпакстандан келген өнөр ээлеринин катышуусу менен салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багытына арналган манасчы, дастанчы, акындардын концерти тартууланды.

Бул маданий иш чаранын жүрүшүндө К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында жана М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайында Казак Республикасынын Нур-Султан (Астана) шаарындагы Улуттук Өнөр университетинин профессору, искусство таануу илимдеринин кандидаты, Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Саида Елеманова жана Искусство таануу илимдеринин доктору, Ташкенттеги мамлекеттик консерваториянын профессору Р.С.Абдуллаев лекцияөткөрүштү.

Андан сырткары,  К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында Түрк тилдүү элдердин руханий мурасы – ЖЕТИГЕН аспабы (Казак жетигенинин мисалында). Казакстандын Курмангазы атындагы Улуттук консерваториясынын окутуучусу, “Каусар” жетигенчилер тобунун жетекчиси Нургул Жакыпбек кызынын масстер-классы өттү.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:09

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина