Сөз эркиндигине арналган акция.

admin
By admin Июнь 30, 2020 00:44

Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарында сөз эркиндигине арналган акция уюштурулду. Эркиндик бульварындагы М.Фрунзенин жанындагы «#REакция 3.0» акциясы марш менен коштолду.

Акцияга болжол менен 150 чакты адам катышып, алардын маршы Эркиндик бульвары менен Түгөлбай-Ата көчөсүнөн тарта «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель элдик революциясынын баатырларына орнотулган эстеликтин жанына чейин уланды. Саат 14:00гө карата модераторлор акция аяктаганын жарыялашты. Катышуучулар тарап баштап, жетишпей калгандар президент менен УКМКга жолдоно турган кайрылууга кол коюшту.

Катышуучулар Киев көчөсүнө жеткенде: «Президент элге каршы мыйзамга вето коюшун талап кылабыз», — дешти.

admin
By admin Июнь 30, 2020 00:44

Приемная кампания 2020

Элдик медицина