С. Тентишев атындагы азиялык медицина институтуна 10 жыл

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2019 13:45

С. Тентишев атындагы азиялык медицина институтуна 10 жыл

1 Ысык-Ата районунун Кант шаарында жайгашкан Саткынбай Тентишев атындагы азиялык медицина институту медициналык багыттагы алдыңкы окуу жайларынын бири. Бул институтту Солто коомунун төрагасы Тентишев Эркин Саткынбаевичтин жетекчилиги менен Кыргызстандын жана жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин студенттеринин сапаттуу медициналык билим алуусуна шарт түзүп ушул окуу жайын ачкан. Бул медициналык институттун билим берүү багыты медицинага арналгандыктан келечектеги медицина кызматкерлерин мыкты деңгээлде даярдап, сапаттуу билим берүү үчүн баардык шарттар жана азыркы учурдун талабына ылайык жабдылган.

Аз убакыттын ичинде медициналык институтинновациялык жол менен өнүүгүнү колго алып, көптөгөн ийгиликтерди багынтып келишүүдө. Учурда бул окуу жайда  14 мамлекеттен келген студенттер билим алышууда. Алар: Индия, Пакистан, Непал, Афганистан, Азербайджан, Россия, Казахстан, Тажикстан, Сомали, Египет, Ирак, Малайзия, Бангладеш жана  Ливан мамлекеттеринин билимгу суусаган жарандары. Азыркы учурда АзМИде үч миңден ашык студент билим алып жаткан учуру. АзМинин жетектөөчүсү С.Тентишевдин бул институтту ачуудагы негизги максаты республикабыздагы билим берүү тармагын алдыга жылдыруу менен сапатын жогорулатуу болгон. Мындан сырткары билим алам деген чет элдик жарандарды да мыкты медик кылып тарбиялап чыгуу болгон.

Саткынбай Тентишев атындагы азиялык медицина институтунун түзүлгөнүнө 10 жылдын жүзү болгондугуна карабай бир топ жетишкендиктерге ээ болушкан. Ушуга утурлай  10 жылдык мааракеси менен бирге институттун жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу ачылыш аземине Аппарат башсычынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Пакистандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Файсал Нияз Тирмизи, Индия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри,  Чүй облусунун ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Светлана Волкова, академик Миталип Мамытов жана башкалар келип катышты.  Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, Солто уюмунун аксакалдары өз баталарын беришти.

Жаңы имараттын ачылыш аземинде Алмаз Кененбаев менен Саткынбай Тентишев кызыл тасманы кесишип, атайы аземге чакырылган белгилүү инсандар жана  катышуучулары имараттын ичи менен толук таанышып, жасалгасы менен акыркы үлгүдөгү жабдууларга жогорку баа беришкени да жок эмес эле.  Чындыгында жаңы имараттын ичиндеги жабдуулар, окуу процессине керектүү деп эсептелген техникалардын өзү эле кирген адамды өзүнө арбап турат.

Институт 2009-жылдан бери билим берүү тармагында студенттерге сапаттуу билим берүүгө талыкпай эмгектенип келүүдө. Албетте мыкты адистерди даярдоодо алгачкы кадам бир топ кыйынчылыктарды да жаратпай койбойт. Он жылдык кадамдарында окуу жайга канчалаган билимдүү окутуучулар келип эмгектеништи. Учурда 116 окутуучу туруктуу эмгектенет. Алардын ичинен 11 илимдер доктору, 13 илимдер кандидаты. Окуу жайда эмгектенген жана окугандарга бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Мисалга алсак жайкы эс алууда Ысык-Көлгө окутуучулар ошондой эле студенттер эс ала алышат.  Бул жылдар аралыгында канчалаган чет элдик жана кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү даярдоого үзгүлтүксүз салым кошуп жаткандыгы менен өзгөчөлөнүп келет.

Билим Уланбекова

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 28, 2019 13:45

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина