«Русэлпром» КР гидроэнергетикасына 1,5 млрд. доллар салууга даяр

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:36

«Русэлпром» КР гидроэнергетикасына 1,5 млрд. доллар салууга даяр

6 «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында инвестиция жана экспорт жаатында кызматташуу жөнүндө бир катар документтерге кол коюлду.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Россиянын «Русэлпром» электротехникалык концерни кызматташуу тууралуу 1,5 миллиард долларлык меморандумга кол коюлду.

Аталган агенттиктин башчысы Шумкарбек Адылбек уулу булл жерде сөз гидроэнергетикалык тармакта долбоорлорду ишке ашыруу боюнча болуп жатканын айтты. Анын ичинде чакан жана ири ГЭСтерди куруудагы бар. Мындан башка жалпы суммасы 54 миллион доллар болгон 8 документке кол коюлду. Алар:

Кара-Балта тоо-кен комбинаты менен Россиянын «Экономи Полимерс Ру» компаниясынын заводу модернизациялоо жана Ысык-Көлдөгү уран чыккан жерди иштетүү боюнча келишим (30 миллион доллар);

«Кыргыз унаа курулуш» ЖЧКсынын Ульяновск станок курулуш заводу менен жабдууларды алып келип, заводдун ишин илгерилетүү боюнча меморандуму (5 миллион доллар);

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Россиянын «Примтекс» компаниясынын пахтаны кайра иштетүү жана даяр продукция чыгаруу боюнча меморандум (5 миллион доллар);

«Оттук Агропитомник» ЖЧКсынын Россиянын «НПК ГидроИнТех» компаниясы менен айыл чарба өндүрүшүн ишке ашыруу жана органоминералдык жер семиркичти чыгаруу боюнча жабдуу алып келүү тууралуу меморандуму (12,5 миллион доллар);

Кыргызстанда жууп-тазалагыч каражаттарды чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүү тууралуу меморандум (1,5 миллион доллар);

Заманбап маалымат технологияларын өнүктүрүү, кеңейтүү жана фото видео каттоо системасын модернизациялоо боюнча меморандум (так сумма жок);

Өнөктөштүк мамилени орнотуу жана өнүктүрүү жөнүндө меморандум;

Маалымат технологияларды өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча меморандум.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:36

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина