ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛАЛЫ!

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:05

ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛАЛЫ!

7 Жай мезгилинин аптаптуу убагында ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кырсыктарды алдын алуу максатында тынымсыз иштер жүргүзүлүп, ошону менен бирге калк көп жайгашкан жерлерде бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы жалпыга маалым. Өзгөчө тилсиз жоонун курмандыгына айланбай өрттүн чыгышына бөгөт коюуга колдон келген аракетибизди жумшап, ар дайым сак болсок бир топ кырсыктарды болтурбоо мүмкүн экендигин баарыбыз билебиз. Мындай кырсыктарды болтурбоо үчүн ӨКМ кызматкерлери өзгөчө жай айларында тынымсыз иштеп, кырсыктардын курмандыгы болбоону жана бир топ чыгымдарга учурабоону эскертип келишет.

Учурда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо мезгили болуп жаткандыгына байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо учурунда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо тууралуу дыйкандарга түшүндүрүү иштерин дыкаттык менен жүргүзүп жатышат.

Тактап айта кетсек, Кемин райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан түшүм жыйноо учурунда талааларда тынымсыз иштеп жаткан комбайн, жүк ташуучуунаалардын техникалык абалы менен таанышып, айдоочулар өрт коопсуздугун сактоо керектиги экендиги менен тааныштырып, кенен маалымат берип келишет. Жергиликтүү дыйкандарга эгин талааларындагы өрт кырсыктарынын кесепеттери жана өрттү алдын-алуу тууралуу маалыматтар камтылган баракчалар таратылды. Жыйынтыктап айтканда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте дыйкандарга түшүм жыйноо өнөктүгү учурунда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо канчалык деңгээлде маанилүү экендигин жеткиликтүү жеткирүү менен гана жардам бере ала турганыбызды айтып кетким келет.

Б.ЖУСУПОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 14:05

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина