Россияга 15 миң тоннага чейин уй эти жөнөтүлөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:37

Россияга 15 миң тоннага чейин уй эти жөнөтүлөт

5 Россиялык бизнесмендер  Кыргызстандан 15 миң тоннага чейин уй этин алууга ниеттенүүдө.  Бул маалыматты 2019-жылдын 28-мартында Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин айтты.

“Буга чейин Россия менен Кыргызстандын ортосунда бул маселе жагынан тоскоолдуктар болуп келсе,алар быйылкы жылдын февралында мыйзамдуу түрдө алынды. Биз экологиялык жактан таза уй этин алууга үмүтүбүз чоң. Буюрса, биздин өнөктөштөрүбүз жакын арада келишим түзүлгөн ишканалар менен тыгыз байланышып, өз убагында жеткирүү маселелери да  чечилмекчи” деди Максим Орешкин.  Ал өз сөзүндө россиялык ишкерлер да кызыгаарын айтты.

Андан сырткары Россия Федерациясынын Экономикалык Өнүгүү министри Максим Орешкин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги  менен «РосАгроМаркет» ОООсу  менен биргеликте Соода –логистикалык борбор ачуу тууралуу пикирин айтты. Жыйынтыгы боюнча министр Нурбек Мурашев менен Алексей Ванчугов 28-мартта меморандумга кол коюшат.

“Россия менен Кыргызстандын соода катнашы жыл сайын өнүгүүдө. 2017-жылы 2018-жылга салыштырмалуу жаныбарлар жана чийки продукциялардын Кыргызстандан экспорттолушу 11пайызга өскөн. Бул биз үчүн мыкты өсүш. Биздин Евразиялык Экономикалык Биримдик рыногуна мүмкүнчүлүгүбүз бар.  Россиялык ишкерлер тарабынан көп сунуштар келип түштү. Логистикалык борбор ачуу боюнча чоң маани берилип жатат. Андыктан мемарандумга кол коюлуп ишке ашып калса Россияга экспорттун көлөмү көтөрүлөт” деди Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов өз сөзүндө.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 29, 2019 11:37

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина