Россиядан Кыргызстанга аскер дарыгерлери келди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 22, 2020 15:18

Россиядан Кыргызстанга аскер дарыгерлери келди

Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан Кыргызстанга аскер медициналык кызматкерлер келди.

3Медициналык кызматкерлерди Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы «Кант» авиабазасына жеткирген. Атайын учак менен керектүү жабдыктар жана дары-дармектер да келген.

20 кишиден турган медициналык топ кыргызстандык аскер дарыгерлер менен бирге аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аскер ардагерлерине кеңеш жана практикалык түрдө жардам көрсөтөт.

Россиялык адистер өлкөнүн эки шаарынын госпиталдарында иштешет: төрт топ Бишкекте, эки топ Ош шаарында.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 22, 2020 15:18

Приемная кампания 2020

Элдик медицина