РЕШЕНИЕ №4

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 20, 2019 17:47

РЕШЕНИЕ №4

2 Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу,аймактарын жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 9-апрелинен №36-буйругу менен Чүй облусунун калктуу пунктарынын санитардык жана экологиялык абалын, инфраструктуралык объектилеринин көрктөндүрүү ирээтин, жашылдандыруу, иригация системаларынын калыбын текшерүүнүн жыйынтыгы менен, көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы

ч е ч и м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы Шамыралиев Жыргалбек Джумадиловичтин, Чүй облусунун калктуу пунктарынын санитардык жана экологиялык абалын, инфраструктуралык объектилеринин көрктөндүрүү ирээтин, жашылдандыруу, иригация системаларынын калыбын учурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө берген маалыматы эске алынсын.

2. Райондук мамлекеттик администрация башчыларынын, Токмок шаарынын мэринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” мыйзамын Кыргыз Республикасынын “Суу” жана “Бузуулар” жөнүндө кодекстеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен буйруктары өз учурунда жана сапаттуу аткарууда жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

3. Райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Токмок шаарынын мэри, жергиликтүү мамлекеттик органдар, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, чарбалык субъектилердин жетекчилери үзгүлтүксүз негизде:

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдор жөнүндө” Мыйзамын аткарууда баардык мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик символдорду орноштуруу жана калыбына келтирүү боюнча иштерин жүргүзсүн;

— тигилген жаш көчөттөрдүн тамыр алып өсүшү камсыздалсын;

— көчөлөрдү, короолорду, сугат системаларын, газондорду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлсүн.

— административдик жана турак үйлөрдүн фасаддары оңдоп-түзөлсүн;

— көчөлөр жарыктандырылсын;

— таштанды таштоочу жайын ирээтке келтирүү, мыйзамдаштыруу иштери 2019-жылдын 15 июлуна чейин жүргүзүлсүн.

— ирээтсиз таштанды таштоочу жайлардын түзүлүшүнө жол берген тараптарга чара көрүлсүн жана аларды жоюу боюнча иштер 2019 жылдын 25 майына чейин бүткөрүлсүн;

— көчө базарлары, жарнамалык щиттер, жол белгилери ирээтке келтирилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына аткарылган иштери тууралуу маалымат ар бир айдын 5 күнүнө чейин берилсин.

5. Коллегиянын ушул чечиминин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Волкова Светлана Борисовнага жүктөлсүн.

Ыйгарым укуктуу өкүл Т. Абдраимов

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 20, 2019 17:47

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина