“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” ылайык 2019-жылга карата ПЛАНЫ

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 20, 2019 17:19

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” ылайык 2019-жылга карата ПЛАНЫ

1 “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” ылайык 2019-жылга карата түзүлгөн иш-аракеттер ПЛАНЫнын долбоору боюнча

МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашырууну улантуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында

Чүй облусунун 2019-жылга карата иш-аракеттер планынын долбоору даярдалды.

Иш-аракеттер планынын долбоорунда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги тармактары камтылды: (10 п. турат)

Баардыгы болуп 2019-жылдын иш-аракеттер планына 59 долбоор киргизилип, суммасы 6 млрд 046 млн 600миң сомду түзөт. Алардын ичинен:

— донордук каражат — 1699,7млн сом;

— жеке инвестиция — 3696,7 млн сом;

— спонсордук каражат — 62,8 млн сом;

— республикалык бюджет – 513,0млн сом;

— жергиликтүү бюджет – 183,2 млн сом.

Өнөр жай тармагы боюнча 15 долбоор, анын ичинен 2018-жылы башталган 6 ири долбоор (1 млрд 440 млн 800 миң сомду түзөт) 2019-жылга киргизилди :

Алып карасак;

— Кара-Балта шаарында жайгашкан темир жасалмаларын чыгаруу заводу “Евразия металл групп” жоопкерчилиги чектелген коому, Фрунзе айыл өкмөтүнүн Комсомольское айылында Cool Bross ишканасынын текстиль тигүүчү фабрикасы, Шопоков шаарындагы “Ак-Кайыӊ” кагаз фабрикасы, “Экопродукт Азия” жоопкерчилиги чектелген коомунун шире суусундуктарын чыгаруучу заводу, Москва районундагы «ДанАгроПродукт» логистикалык борбору, Аламүдүн районунун Башкара-Суу айыл аймагында жайгашкан жартылай автоматташтырылган кирпич чыгаруучу заводу, Ысык-Ата районундагы Красноречка айылында этти кайра иштеп чыгаруу цехи.

Мындан сырткары ишкананы кенейтуу максатында Кант шаарындагы «АНАН-Сары-Таш» ишканасынын ташты кайра иштетип чыгаруучу цехинин 2-чи линиясын ишке киргизүү, ЖЧК «Раке» ишканасынын cуу куйуу цехинин 2-чи линиясын ачуу, «Кант-Сүт» ишканасы cүт азыктарын иштетүүчү жаны цехин куруу боюнча 3 кичи долбоор киргизилген.

Ал эми 2019-жылга 1678,8 млн сомду түзгөн 5 ири долбоор киргизилди:

Жайыл району боюнча:

— Тоо-кең тармагындагы жана ЖЭБ өнөр-жай тегирмендеринин болот топторун өндүрүү боюнча ишканасын ачуу;

— Токтоп турган “Кара-Балта спирт заводун” ишке киргизүү.

Москва району боюнча:

— Пластиктиканы кайра иштетүү заводунун 1-этаптын курулушу (Кытай Эл Республикасынын каржылоосу менен);

Сокулук району боюнча:

— Фрунзе айыл өкмөтүнүн Комсомольское айылына “Cool Bross” ишканасынын текстиль тигүүчү фабрикасын ачуу;

Кемин району боюнча:

— Чон-Кемин айыл өкмөтүнүн Шабдан айылына сүтту кайра иштетүү завод куруу жана ишке киргизүү.

Айыл чарба тармагы боюнча пайдаланылбай калган жерлерди ишке киргизүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ички каналдарды реабилитациялоо ошондой эле айыл чарба жерлерин сугат суулары менен камсыз кылуу, күнөсканаларды ветеринардык тейлөө борборлорун, кичи фермаларды куруу жана бодо мал асыл тукум чарбаларды түзүү сыяктуу — 10 долбоор, 188,6 млн.сомго киргизүү менен 57 жаңы жумушчу орундарын түзүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорго:

— жеке инвестиция — 30,0 млн сом;

— жергиликтүү бюджет – 2 млн сом;

— АРИС – 97,8 млн сом;

— Дүйнөлук банктын каражаты — 45,0 млн.сом

— Кемин районунун өнүктүрүү фонду – 13,8млн сом тартуу максатталды.

Инфраструктураны жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен 95,7 млн сомго көчөлөргө түнкү жарык орнотуу, ички жана сырткы жолдорду оңдоо боюнча 8 долбоору киргизилди.

Жергилүктүү калктын сапаттуу таза суу менен камсыздоо багытында 728,6 млн сомго 7 долбоор киргизилди.

Каржылоо булактары: жергиликтүү бюджет -11,5 млн сом;

АРИС – 123,0 млн сом;

ЕБРиР — 5,1 млн.Евро =408,0 млн сом,

Дүйнөлук банктын каражаты – 186,1 млн.сомду түзөт

Туризм тармагы

Суусамыр өрөөнүнө жана Боролдой айыл аймагынын жол жээгине кемпинг куруу куруу боюнча 27,5 млн сомг 3 долбоор киргизилди.

Каржылоо булактары: жеке инвестиция – 16,1 млн.сом;

АРИС – 9,1 млн сом;

Кемин фонду- 2,3 млн сом.

2019-жылы дотациядан чыгаруу боюнча 12 айыл өкмөтү пландаштырылды:

— Кемин району: Ак Тюз;

— Чүй району: Бурана, Искра;

— Ысык-Ата району: Ак-Кудук;

— Сокулук району: Джаны-Пахта, Оро;

— Москва району: Предтеченский, Чапаев;

— Жайыл району: Красно-Восточный, Полтавский;

— Панфилов району: Фрунзе, Вознесеновский.

2019-жылы башкы пландарды иштеп чыгаруу боюнча 5 райондон 12 айыл өкмөтү пландаштырылды:

— Чуй районунан — Арал айылы;

— Панфилов районунан — Чалдовар айылы, Национальное;

— Ысык-Ата районунан — Гидростроитель, Милянфан, Бирдик, Джер-Казар, Нижний-Ноорус, Дружба, Кен-Булун;

— Кемин районунан — Кара-Булак;

— Сокулук районунан – Первомайское.

Социалдык тармак боюнча

Билим берүү тармагына — 6 долбоор суммасы – 1157,6 млн сом.

республикалык бюджет – 496,7 млн.сом;

жергиликтүү бюджет – 56,1 млн.сом;

АРИС – 174,5 млн.сом;

донорлук каражат – 430,3 млн. сом

Саламаттыкты сактоо тармагына — 4 долбоор суммасы – 86,8 млн сом

жергиликтүү бюджет – 1,0 млн.сом;

АРИС – 58,3 млн.сом;

донордук каражат – 27,5 млн. сом

Спорт тармагы — 2 долбоор суммасы – 113,0 млн сом

республикалык бюджет – 16,3 млн.сом;

жергиликтүү бюджет – 16,9 млн.сом;

АРИС – 17,0 млн.сом;

спонсорлук каражат – 62,8 млн. сом.

Социалдык коргоо -3 долбоор, донордук каражат – 107 млн.сомду түзөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 20, 2019 17:19

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина