Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялады

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 15:32

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялады

114 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы 2019-жылдагы өзүнүн алгачкы иш сапарын Чүй облусунун Сокулук районунан баштады.

Президент 2018-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганын жана негизги иш-аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, айыл жеринде ишкерликти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын эске салды.

Айылдык ишкерлерди колдоо максатында жаңы ишканалар  көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулду, бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди, продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулду, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканаларга салык жактан кыйла жеңилдиктер берилди,  айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырды.

Бул жана башка чаралар 2018-жылы 2500дөн ашуун адамды жаңы жумуш орундары менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берди, бардыгы болуп 200дөн ашуун айыл-чарба продукциясын сактоо, таңгактоо жана кайра иштетүү, текстиль-тигүү тармагында, курулуш материалдарын чыгаруучу жаӊы ишканалар иштей баштады.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт, кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет.

2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат.

Ал белгилегендей, кийинки жылдары өлкөнүн бардык региондорунда, бүткүл өлкөнүн масштабында жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине жаңы дем берүү керек.

«Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», — деп белгиледи Президент.

Санарип технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет — билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилет. «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору сөзсүз ишке ашырылат.

Мамлекет башчысы «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөрүн эске салды. Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт. Керектүү маалыматты чиновник өзү таба турган болот. Бул жашоонун бардык тармактарына тиешелүү, анын ичинде адамдын соттолбогондугу тууралуу справка алуу, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу, паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык актыларды алуу, транспорт каражаттарын каттоо да электрондук форматка которулат.

«Санариптик инфраструктура жеке адамдын жана ишкерлердин мамлекеттик же жергиликтүү чиновник менен түз контактта болуусун кескин азайтат. Бул коррупцияны жоюунун негизги куралы. Маалыматтык коомду куруу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү үчүн өлкөнү санариптештирүү өтө зарыл. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн 2019-жылды „Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыялоону чечтим. Тиешелүү Жарлыкка ушул жумада кол коюлат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мугалим, врачтардын айлыктарын көбөйтүү боюнча убадам ырааты менен аткарылат

“Мугалимдерге, врачтарга айлыктарды көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйтүлдү, эми кийинки кезек мугалимдерде”, — деп айтты мамлекет башчысы. Ал кызматына киришкен күндөн тартып, президенттикке талапкер катары элге берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштегенин белгиледи.

“Убадаларымдын негизгилери – региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул – мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу”, — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, айлыктарды көтөрүү үчүн экономиканы жакшыртып, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү керек.

“2018-жылы бул багытта иштедик, калктын турмушун жакшыртуу үчүн зарыл базаны түздүк. 2018-жылдын 1-октябрынан баштап медиктердин айлыгын көтөрдүк. Азыркы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана эмчи айымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул багытта Өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иштеп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет

«Элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти бүгүн, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон  жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2018-жылы негизги аракет региондорду өнүктүрүүгө багытталган. «Айылды, өзгөчө тоолуу жана чек арада жашаган элди колдоо — өлкөнүн территориалдык бүтүндүгүн сактоо менен барабар. Регион, аймак, элет, айыл деген түшүнүктөр ар бир чиновниктин аӊ сезимине тереӊ сиӊген түшүнүктөр болуш керек», — деди Президент.

Ал региондорду өнүктүрүү жылы кандай жумуштар аткарылганына кеңири токтолду.

Былтыр элет жеринде жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл бурулуп, региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.

Жаңы ишканалар көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулду, бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын 80 пайызга кыскартуу жеңилдиги берилди, продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулду. Дотациялуу аймактарда экспортко багытталган өнөр жай ишканаларына инвестициялык макулдашууга негизделген артыкчылыктар берилди.

Жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын, энергетиканын жана жыйноочу (сборка) өндүрүштүн ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу  салыктардан бошотулду, технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду.

Айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырды. 2018-жылы ФСХ-6 программасы боюнча 11 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 5,5 миллиард сомдук 11 миңден ашык айыл чарба насыялары берилди. «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу 1,8 жана 1,7 миллиард сом берилди. Мамлекеттик кепилдик фонду тарабынан 690 млн. сомго 636 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар дагы аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 2,4 млрд сом кредит беришти.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү. Натыйжада 1646 долбоор каржыланып, жалпысынан 300 млн. долларга жакын каражат жумшалды. Анын ичинен 55 пайыздан ашыгы кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

Өлкөнүн региондору боюнча 2018-жылы 2500дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлдү.

Турак жайга мамлекеттик ипотеканын пайызы 14төн 10 пайызга, андан соӊ 8 пайызга төмөндөдү, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн 7 пайызга төмөндөтүлөт. Келечекте төмөн пайыз менен мамлекеттик ипотека бюджет кызматкерлери, врач, мугалимдерге гана эмес, бардык эле турак жайга муктаж жарандарга бериле баштайт.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы транспорттук, социалдык-инфраструктуралык, энергетикалык долбоорлор, тышкы саясаттагы иш-аракеттер тууралуу айтып берип, региондорду өнүктүрүү иштери токтобостон, кийинки жылдары да улана турганын белгиледи.

Ошондой эле сот-укуктук реформанын маңызына токтолду. Президент белгилегендей, жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүм балдар, оор кылмышкерлер менен чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн түз таасирине кабыл болбойт. Түзөтүү мекемелердин контингенти азаят, анткени түз жолдон адашкан жарандарды сөзсүз эле жазалоо максат эмес.

«Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбай кете беришибиз зарыл. Жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын айрым нормаларына сын пикирлер айтылып жатат. Аларды зарылдыгы болсо оңдойбуз Мисалы, айрым штрафтардын өлчөмү чоӊ болуп калганы жөнүндө ой-пикирлер айтылып жатат. Аларды парламент, өкмөт карап көрөт. Бирок, баарыбыз тартип менен жашоого үйрөнүшүбүз зарыл. Биз бул реформаны сөзсүз ишке ашырабыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, ал коррупция менен күрөшүү токтобой турганын, президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты бойдон калаарын айтты.

«Өлкөдөгү коррупция ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети дагы ачылат», — деп белгиледи.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бийик деңгээлде өткөнүнө токтолду.

«Эӊ башкысы — стратегиялык кадамдарыбыз, аракеттерибиз кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болду. Ошондуктан, мекендештеримдин колдоосу үчүн чын пейлимден тереӊ ыраазылыгымды билдирем», — деп Президент Сооронбай Жээнбеков сөзүн жыйынтыктады.

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 15:32

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина