Президент С. Жээнбеков: «Элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм»

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 12:21

Президент С. Жээнбеков: «Элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм»

1 Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда. Чүй облусунун Панфилов районуна  Жумушчу сапарынын алкагында президент райондун жашоочулары менен жолугушуп, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө айтып берди, атап айтканда, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү, ата мекендик экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча чаралар, Кыргызстандын жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаты жөнүндө сөз болду.

Жолугушууга Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Панфилов районунун акими Мелис Райымкулов, тийиштүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Үч сааттан ашуун созулган жолугушууда жергиликтүү тургундар жол инфраструктурасын, социалдык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, коррупция менен күрөшүү, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо тармактары, сот-укуктук реформа, калктын жакыр катмарына жардам берүүгө байланышкан суроолорду беришти.

Алардын ичинен бүгүнкү саясатка байланышкан  суроолорго мамлекет башчы жооп берип жатып: «Мен элдин ишенимин алып, элдик президент болом деп убада бергем. Президенттик ишим аяктагандан кийин эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам. Элимдин кызыкчылыгы, мамлекетибиздин кызыкчылыгы мен үчүн баарынан кымбат. Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн. Бирок, Кудай мени элимди, жеримди, мамлекетимди саткандан сактасын», — деди мамлекет башчы.

Элеттиктерди биринчи көйгөйүнө айланган таза суу маселелси боюнча: Мамлекет башчысы калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу бүгүн курч көйгөйлөрдүн жана мамлекеттик саясатыбыздын негизги багыттарынын бири экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

«Таза суу болбосо  калктын дени сак болбойт, туризм өнүкпөйт, инвестиция келбейт. Бул комплекстүү маселе. Ошондуктан, калкты таза суу менен камсыздоо мамлекеттик саясатыбыздын негизги багыттарынын бири. Биз 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатабыз. Өлкөбүздөгү айылдардын таза сууга болгон муктаждыгын чечүүгө жыл сайын республикалык бюджеттен дагы акча каражаты бөлүнүп берилип жатат. Бул багытта  Кытай Эл Республикасы, Евробиримдик, Швейцария конфедерациясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Ас-Салам, Ас-Сафа, Катар кайрымдуулук фонддору менен да активдүү иштеп жатабыз», — деди.

Бүгүнкү күнү эл-аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу сууга муктаж айылдардын тизмеси түзүлүп, баардыгы болуп 27 млрд. сомдук финансылык булактар аныкталды.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу стратегиясынын алкагында  республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен алдыдагы 5 жылда 653 калктуу конуштун калкы таза суу менен камсыз болот. Алардын ичинен 2018-жылы 69 айылы таза суу менен камсыз болду. 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен республиканын 44 айылында таза сууга болгон муктаждыктар чечилет.

Мамлекет башчысы Кргыз Республикасынын өнүктүрүү жана коомчулуктарды инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишин ачык-айкындуулугун камсыз кылуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Айылды суу менен камсыз кылууну туруктуу өнүктүрүү долбоору АРИС аркылуу Дүйнөлүк банк менен бирге ишке ашырылууда. Ал өлкөнүн калк жашаган пункттарын таза суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө жана санитардык абалын жакшыртууга багытталган. Бардыгы болуп АРИС 2024-жылы 653 айылдардын 117синде таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгын баса белгиледи.

Андан сырткары райондун тургундарынын суроолоруна президент жана тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жооп беришти.

Жумушчу сапарынын алкагында мамлекет башчысы Панфилов районунун социалдык тармагындагы долбоорлору менен таанышты.

Ал Панфиловка айылын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке киргизүү иш-чарасына катышып, Букара айылындагы орто мектебинин жаңы имаратын көрүп чыкты.

Жаңы имаратта спорт зал, ашкана, китепкана, компьютердик жана окуу класстары,  лаборатория жайгашкан. Объект 2019-2020-жаңы окуу жылынын башында колдонууга берилет.

Андан соң мамлекет башчы Панфиловка айылындагы жаңы спортзалга жана Алыкул Осмонов атындагы музей Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттары тартылган Вознесеновка айылындагы «Тянь-Шань форель» ЖЧКсы балык чарбасы менен таанышты.

            Гүлсүн Аманалиева

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 1, 2019 12:21

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина