Президент парламенттик шайлоо мыйзамдуу өтөт деп эсептейт

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:11

Президент парламенттик шайлоо мыйзамдуу өтөт деп эсептейт

3-1 Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот деп эсептейт. Ал бул тууралуу «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

«Президент катары, мурда да айткам, кайталап кетейин, шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө бардык аракеттерди жасайбыз. Буюрса, шайлоо мыйзамдуу өтөт. Баарына тең бирдей шарт түзүлөт. Ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир жаранга шартты бирдей түзөбүз», -деди мамлекет башчы.

Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөөрүн белгилейт. Ошол эле учурда партиялык тизменин көбүнчөсү идеялык эмес, каржылык, же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатканын айтат.

«Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө. Алар өлкөнү өнүктүрүү процессине катышам деп мыйзам чыгаруу бийлигине, аткаруу бийлигине келем дешсе, партиядагы демократиялык центризмди, ички тартипти бекемдеши керек. Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек. Жөнөкөй тил менен айтканда, партиялар коомго үлгү болуш керек. Партиялар да, анын лидерлери да».

Өлкө башчы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялар эл менен жолугушууларда маска тагынуу, социалдык аралыкты сактоо деген жөнөкөй нормаларды сактабай жатканын сындады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Анын алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталган. Шайлоого катышуу үчүн 16 партия каттоодон өткөн.

Манас айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты авариялык абалда

Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты авариялык абалда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, имарат союз мезгилинде курулган.

«Манас айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу Манас айылынан башка Дача СУ, Учкун-2 аймактарынын жана Алты-Барак айылынын элин карайт. Бирок имараттын эскилиги жетип, өкмөт тараптан кароосуз калган», — деп билдиришти алар.

Сокулук райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Венера Шаршенованын айтымында, азыр жаӊы имарат курулуп жатат.

 

«Аталган айылдагы оорукананын имаратынын эскилиги жеткен. Союз мезгилинен бери иштеп келет. Ал жеке турак үйдө эле уюштурулган болчу. Бирок Манас айылында чоӊ, заманбап имарат курулуп жатат. Буйруса курулуш иши аяктаса, дарыгерлер жаӊы имаратка көчүшөт.

Ал эми ошол туштагы дачалар айыл макамына ээ болбогону үчүн аларда көйгөй бар. Ошол 12 дачанын айрымдары Ат-Башы айыл аймагына, кээ бири Новопавловкага, дагы бири Бишкек шаарына карайт. Өзүӊөр билгендей, дачалар туруктуу жашоого эмес, завод-фабрикаларда иштегендерге берилген. Кийин ал жерди туруктуу жашоого ылайыкташтырып алышкан», — деди ал.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:11

Приемная кампания 2020

Элдик медицина