Президент Орок орто мектебинде болду

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 10:52

Президент Орок орто мектебинде болду

1 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Сокулук районундагы Орок орто мектебинин абалы менен таанышты. Бул мектепте учурда долбоордо каралгандан 3-4 эсе көп окуучулар билим алышат.
Мамлекет башчысы мектептердин имараттарын, класстарды, жаңы окуу корпустарын куруу үчүн бөлүнгөн жерлерди көрүп чыкты. Окутуучулар менен маектешкенде Чүй облусундагы мектептерде окуучулардын саны өтө көп болуп жаткандыгын айтты. Буга ички миграция чоң таасир этип жатканын кошумча окуу корпустарын куруу боюнча долбоорлорду тезирээк ишке ашыруунун зарылдыгын баса белгиледи.
Азыр президенттин дарегине Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерде окуучулар батпай жаткандыгы жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келүүдө. Президент мурда бир нече мектептерди кыдырып, алардын абалын көрүп, коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында атайын эсепке келип түшкөн каражаттар жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга жумшаларын айткан болчу.
Өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык акча каражаттары жана мүлктөр кайтарылган. КРнын  Финансы министрлиги бул каражаттан керектүү сумманы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда мектептерди жана кошумча корпустарды курууга багыттоодо.
Орок айылындагы мектептин директору Айгүл Исакова 320 окуучуга ылайыкталган Орок орто мектебинин имараты 1984-жылы курулганын, азыранда 1910 окуучу окуп жатканын, окуу процесси 3 сменде ɵтɵрүн айтты. Ар бир класста 40тан ашык окуучу окуйт. Окуу класстары жетишпегендиктен, балдар имараттын жертөлөсүндө да окушат.
Бул мектепте Орок айылынын балдары эле эмесАк-Ордо, Арча-Бешик, Ак-Өргө, Салкын-Төр, Сары-Ѳзɵн жана башка жаңы конуштардан жана жанаша жайгашкан айылдардан балдар келип окушат. Мында кошумча окуу корпустарын куруу маселеси өтө зарыл.
Чүй облусунда Ново-Павловка орто мектеби, Атбашы орто мектеби, Орок орто мектеби, Ч. Айтматов орто мектеби, Төмөнкү Ала-Арча мектеби, Т. Актанов атындагы орто мектеп, № 2 Баранов атындагы орто мектеп, Ново-Покровка айылын дагы ушундай эле көрүнүш Сары-Өзөн Чүйдүн башка райондорунда да бар экендигин айтууга болот.

Бишкекте жаңы газмотор автобустары жүрөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  24-апрелде Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан сатып алынган жаңы газмотор автобустарын көрдү.

Автобустардын иштөө тартиби жана киргизилип жаткан жаңылыктар жөнүндө борбор шаардын Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаардык жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаков, швейцариялык  BPC AG компаниясынын долбоордук департаментинин вице-президенти Тохир Абдукадыров баяндап беришти.

Мэр Азиз Суракматовдун маалыматы боюнча Бишкек шаарынын мэриясы жалпы суммасы 301,9 млн. сомгоYutong кытай компаниясы тарабынан 2019-жылдын март айында чыгарылган 60 автобусту сатып алган. Автобустарга 80ге чейин адам батат, Евро-5 экологиялык стандартка ээ.

Автобустарга электрондук билет системасын орното турган швейцариялык компаниянын өкүлү Тохир Абдукадыров президентке маалымдагандай, эми жүргүнчүлөр жол акысын кадимки банк карточкасы же башка электрондук алып жүрүүчүлөрдүн жардамы менен накталай эмес төлөшсө болот.

Бишкек шаардык жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун айтымында бул автобустардын орундуктары кышында жылытылат, 7 байкоочу камера, салондогу абаны тазалоочу фильтрлер орнотулган.

Президент Сооронбай Жээнбеков автобустар менен таанышып, Бишкек шаарынын мэри менен алардын бирине түшүп көрдү.Ал электрондук билет системасын киргизүүнүн оң жактарын канааттануу менен белгилеп, жаңы унаалар узак убакытка чейин борбор калаанын конокторуна жана тургундарына кызмат кылуусун каалады.

Гүлсүн Аманалиева

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 10:52

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина