Президент: Өлкөнүн бардык аймактары таза суу менен камсыз болушу керек

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 10:44

Президент: Өлкөнүн бардык аймактары таза суу менен камсыз болушу керек

6 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 23-майда “Аймактар үчүн Таза Суу” Форумуна катышып сөз сүйлөдү.

Биздин өлкөбүздүн калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири.

Акыркы эки жылда бул маселени чечүү үчүн бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкыбызды таза суу менен камсыздоо — приоритетүү багыт катары  аныкталды. Ага ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду.

Бүгүн Таза суу долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен жыйырма шаарыбызда 11 млрд 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны — кредиттик түрдө, 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат. Мындан тышкары, ЕБРР, ЕС жана Швейцария Өкмөтү тарабынан 2019 — жылдан баштап, шаарлардан тышкары, айыл жерине да инвестиция тартуу жаӊыдан башталганы турат.

Ошондой эле, айыл жергесин таза суу менен камсыздоого Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Катар кайрымдуулук фонду, Ас-Сафа жана Ас-Салам фонддору жакындан жардам көрсөтүп жатышат. Кечээ жакында Бириккен Араб Эмиратынан “Шейх Заед бин Султан Аль Амери Нахаян” кайрымдуулук жана гуманитардык Фондунун” жетекчилери бизге келип кетти. Алар да таза суу маселесин чечүүгө өз үлүштөрүн жана жардамдарын көрсөтөрүн билдирип жатышат,-деди Өлкө башчасы бул маселенин өтө баалуу экенин белгилеп.

Таза суу бул — элибиздин ден соолугу.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык жыл сайын 30 миӊге жакын ичеги-карын оорулары катталат. А катталбай калганы канча? Ичүүчү суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөш өлкөнү жыл сайын 4,8 млрд сомдон ашык чыгымга алып келет.  Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн, биринчи кезекте, калктуу конуштарда таза суу маселесин чечүү керек. Жогорудагы айтылган акча каражатын үнөмдөп, өнүгүү иштерине багыттасак болот.   Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономикабызды өнүктүрүү кыйынга турат.  Былтыр 653 муктаж болгон айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын  жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду.  Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда. Эгерде 2014 — жылы таза суу меслесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн сом акча каражаты ажыратылган болсо, 2018 — жылы таза суу секторуна 250 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Эми бул сумманы дагы көбөйтүп,  500 млн. сомго жеткирүү каралып жатат,-деп белгиледи президент С.Жээнбеков.

Бүгүнкү Форумга баардык областын жетекчилерин, шаарлардын мэрлерин жана Суу чарба муниципалдык ишканалардын жетекчилерин атайын чакырдык.

Мен жогоруда айткандай, Улуттук стратегияда таза суу маселеси приоритетүү тармактардын бири болуп аныкталды. Ошондуктан ар бир айылды суу менен камсыздоо менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Таза суу маселесин чечүүгө катышып жаткан бардык мамлекеттик органдар — курулуп жаткан жана курула турган таза суу курулмаларынын сапатына жеке жоопкерчиликти алышы керек.

Тилекке каршы, жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге карабастан, таза суу секторунда долбоорлорду даярдоодо жана аны ишке ашырууда көптөгөн кемчиликтер орун алганы мага маалым. Таза суу долбоорунун биринчи этабынын алкагында 47 кичи долбоор текшерилип, анын  18и боюнча Башкы прокуратурага материалдар өткөрүлгөн.

Азыркы учурда курулушу бүтүп, эксплуатацияга берилген ичүүчү суу менен камсыздоо тармагын сактап калуу — эң курч проблемалардын бири болуп калды, -деп мамлекет башчасы орун алган көйгөйлөргө токтолду.

Анализ көрсөтүп тургандай, көп жумуштар, анын ичинде донорлордун жакшы демилгелери, борбордук органдардын жана жергиликтүү бийликтин ыкшоолугунан аткарылбай калууда. Долбоорлорду даярдоо мөөнөтүнөн баштап, даярдалган кредиттик жана гранттык келишимдерди Жогорку Кенештен ратификациядан өткөрүүгө кеткен убакыт эки, үч жылга чейин созулуп барат.

Айрым шаарлар боюнча бул көрүнүш төрт, беш жылга чейин созулган фактылар бар. Бул маселени чечүүдө айрым министирликтер жана ведомстволор берилген материалдарды өз убагында карашпай, кароо мөөнөттөрүн абдан  кечиктирип беришкен.

Мындан тышкары, көпчүлүк мэриялар донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын ар кандай шылтоолор менен саясаттын куралына   айландырып, өз мөөнөтүндө өздөштүрбөй келишет. Буга мисал катары Чүй облусунун Кара-Балта жана Токмок шаарларын атаса болот.

Жалал-Абад шаарынын өз алдынча башкаруу органдары мурунку чакырылыштагы шаардык кенештин чечимин негизсиз четке кагышкан. Ал эми, Өзгөн шаарынын мэриясы   шалаакылык кылып, 2017 — жылы шаарга тартылып берилген 11 млн евро акча каражатынын  бүгүнкү күнгө чейин 1 сомун дагы өздөштүргөн эмес.

Айрым министрликтер жана ведомстволор инвестиция тартууга кайдыгерлик кылып, бул маселенин чечүү жолдорун издешпейт жана аны аткара албай келишет. Мисал катары айтсам, менин 2018 — жылдын июнь айындагы Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик иш сапарымда 100 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант алуу  маселеси чечилген. Акча каражатын тартуу маселеси боюнча Экономика министрлиги тарабынан бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлгөн эмес-деди Президент ишти создуктурууга болбостугуна токтолуп.

Ичүүчү сууга болгон тарифти реформалоо-  бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналыш керек! Бул багытта Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар жана айыл өкмөттөр — калктуу конуштардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган жок.

Эң негизгиси — мындан 3-5 жыл мурун курулуп, эксплуатацияга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу курулмалары бузулуп, иштебей калгандыгы өкүнүчтүү.

Мындан тышкары, ар кандай шылтоолор менен Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тариф маселесин ченемдик-укуктук талаасында кароого жана чечүүгө кош көңүл мамиле жасаган.

Жогоруда айтылган кемчиликтерди жоюу үчүн  төмөнкүлөрдү артыкчылыктуу багыт катары дайыма көңүл борборунда кармоону тапшырам. Биринчи, Өкмөт айыл жерин ичүүчү суу менен камсыз кылууда чечкиндүү түрдө менеджмент, тариф саясаты, мыйзамдык базаны өркүндөтүү жаатында реформаларды жүргүзүүсү керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин ордуна ар бир айыл өкмөттө муниципалдык ишканалар түзүү маселесин дыкат изилдеп чыксын.

Айыл өкмөттөрү менен биргеликте түзүлгөн муниципалитеттер аралык ишканалар тартылган инвестициялардын бардыгын алуучу жана колдонуучу катары иш жүргүзө алмак.

Экинчи, Тез аранын ичинде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, Экономика министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте, калктын социалдык катмарын эске алуу менен бирге таза сууга болгон тариф саясатынын концепциясын иштеп чыксын.

Жогорудагы фактыларды жою максатында, тийиштүү мыйзамдарга ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын туура аныктоого, аны бекитүүгө катышкан жактардын жоопкерчилигин арттырууга байланышкан өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

Мындан тышкары ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштар жана жоболор иштелип чыксын.

Үчүнчү, Суу ресурстарын пайдаланууга салыктарды төлөө боюнча Таза суу муниципалдык ишканаларынын потенциалын жогорулатуу зарыл.

Белгилей кетчү нерсе, 2009-жылдан бери жер алдындагы байлыкка бонус налогу киргизилген. Суу менен камсыздоо мекемелери (Водоканал, ИСКАКБ жана башка ишканалар) каралган салыкты төлөй албай жатышат.

Анткени алардын финансы каражаты жетишсиз. Мисалы “Бишкекводоканал” ишканасынын  бонус боюнча карызы —  божомолдуу эсеп менен 255 млн. сомдон ашат.

Ошондуктан, Экономика министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги менен бирге бул ишти кайра карасын.

Төртүнчү, Климаттын өзгөрүү маселесине жана кошумча инвестиция булактарына өзүнчө токтоло кетейин. Климаттын өзгөрүүсү, суу ресурстарынын дефицити, калктын санынын өсүшү, демографиялык өзгөрүүлөр жана урбанизация маселелери келечекте таза суу менен камсыздоо  боюнча кыйынчылыктарды жаратат. Эл аралык институттардын божомолдоруна ылайык 2025-жылга карата дүйнө калкынын дээрлик жарымы таза суу тартыш аймактарда жашоого аргасыз болушат. Буга байланыштуу эл аралык коомчулук Париж келишимине кол коюп, бул проблемаларды биргеликте чечүү үчүн атайын климатикалык фонддорду түзүшкөн. Бул фонддор арзан жана гранттык негизде акча каражаттарын беришет. Алар климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптацияга жана экологиялык зыянды жоюуга багытталган иштерге сарпталат.

Мындан ары, Өкмөттүн алдында түзүлгөн Климатикалык каржылоо борбору  —  координация функциясын өзүнө алып, ишти толук кандуу жүргүзөт деп ишенем.

Бешинчи, Таза суу курулмаларын куруу учурунда жаңы инновациялык, бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган заманбап технологияларды колдонуу керек. Таза сууну негизсиз жоготууну азайтуу максатында акылдуу суу эсептегичтерди жана башка тетиктерди колдонуу зарыл,-деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 24, 2019 10:44

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина