Президент А.Атамбаев Сокулуктагы кафель жасап чыгаруу боюнча заводдун ишмердиги менен таанышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 12:05

Президент А.Атамбаев Сокулуктагы кафель жасап чыгаруу боюнча заводдун ишмердиги менен таанышты

президент 117 ноябрь, Бишкек. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан кафель жасап чыгаруу боюнча заводдо болуп, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 млн. чарчы метр кафель чыгарууга жөндөмдүү болгон заводдун ишмердиги менен таанышып, даяр продукциялардын үлгүлөрү менен таанышып чыкты.

Заводдун башкы директору Чжо Дайсю Мамлекет башчысына өндүрүш процессинин өзгөчөлүгү, келечекте заводдо 400 жумушчу орун түзүлүп, анын 90% Кыргызстан жарандары болурун билдирди.

Завод өз ишин ушул жылдын сентябрь айында баштаган. План боюнча жумшалчу инвестициянын көлөмү 50 млн. АКШ доллары, иш жүзүндө заводдун курулушуна 30 млн АКШ доллары сарпталган. Учурда ишканада бир өндүрүштүк линия иштеп жатат. Экинчи линия 2018-жылы ишке киргизилет.

Президент Алмазбек Атамбаев заводдун ишмердигине ийгилик каалап, белгиленген пландарды ишке ашырууда жана өндүрүштү кеңейтүүдө мамлекеттик органдар көмөктөшүүсү маанилүү экендигин белгиледи.

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 12:05

Парламент

Элдик медицина