Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барды

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2018 20:31

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барды

5 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында жашаган Гаваз Мингараев жана Ош шаарынын тургуну Муктар Нургазиев аттуу 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды.

Премьер-министр ардагерлерди алдыда келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, аларга Өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

«Сиздер жасаган эрдик өлбөйт. Ал кылымдар бою элдин эсинде жашай берет. Сиздердин кайратмандыгыңарды, баатырлыгыңарды баалоо, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүү- биздин ыйык милдетибиз болуп саналат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ардагерлерге чың ден соолук, узун өмүр каалап, материалдык көмөк көрсөттү.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 7, 2018 20:31

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина