Премьер-министр коомдук жайларда өрткө каршы талаптардын сакталышын текшерүүнү тапшырды

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 10:54

Премьер-министр коомдук жайларда өрткө каршы талаптардын сакталышын текшерүүнү тапшырды

4Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 18-сентябрда коомдук жайлардагы өрткө каршы талаптардын сакталышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей акыркы кезде ири соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында жана тейлөө объектилеринде өрт чыгуу фактылары көп катталууда.

Анын айтымында «Арзу» кафесиндеги, «Мадина» рыногундагы, Каракол шаарынын борбордук базарындагы жана «Супара» этно-комплексиндеги өрт чыгуу фактысы алардын ээлерине оор чыгымдарды алып келип, коомчулукта белгилүү суроолорду жаратууда.

Премьер-министр баса белгилегендей, компетенттүү мамлекеттик органдар бардык өрт фактылары боюнча өрттүн чыгуу себептерин кеңири изилдөө менен деталдуу иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш.

Өкмөт башчы өрт коопсуздугун сактоо көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылып, тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте сода түйүндөрүнүн, оюн-зоок жайларынын аймактарында, коомдук тамактануу жана эл көп чогулган жерлерде өрткө каршы коопсуздук ченемдерин сактоону бир жумалык мөөнөттө тыкыр текшерип чыгууну тапшырды.

Чындыгында эле  аз эле убакыттын ичинде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Арзу” рестораны жана “Супара” этно-ресторанынын өрттөнүп кетиши шек жаратпай койбойт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 10:54

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина