Планетаны аба кургакчылыгы каптайбы?

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:35

Планетаны аба кургакчылыгы каптайбы?

3 Европалык окумуштуулар жана метеорологдор климаттын өтө ысып кетишинен улам 2019-жылдын жай айларында миңдеген адамдар өлүмгө дуушар болушу мүмкүн деп “Вашингтон пост” басылмасы маалымдады. Метеорологдордун так байкоосу боюнча Африкадан келген ысыктын басымы Европанын өлкөлөрүндө 40,6градус цельсиядан жогору көтөрүлүп, мурда болуп көрбөгөндөй ысыктын жогорулашы рекорддук баскычты Францияда 45 градусту багындырууда. Айтмакчы, 2003-жылы ушундай ысыктын аптабынан Францияда 44,1 градус цельция ысыкта 11 миң франциялык кайтыш болгон.

Потсдам университетинин климатологдору билдиришкендей жогорку абанын температурасы “тынч өлтүрүүнүн” куралына айланып, натыйжада 2003-жылы 70 миң европалыктардын өмүрүн алгандыгын эске салышат. Мындай циклон бүгүнкү күндө Европадан Борбордук Азияга да келип, учурда тоолуу өлкө болгон Кыргызстанда да мөңгүлөр эрип, аба кургакчыл болуп термометрдин баскычы 40 градус цельциянын тегерегинде болууда дешет. Эми расмий Кыргызгидромет так айтуудан карманып турушат. А бирок аба ырайы боюнча божомол июль айында абдан кургакчыл болору күтүлүүдө. Мындай абал биринчиден адамдардын саламаттыгына, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, жер-жемиштердин түшүмүнүн мол болушуна терс таасирин тийгизбейт дегенге кепилдик жок. Айтмакчы, ысыктын аптабы 1983-жылы 30-июлда Фрунзе шаарында 42,8 градус целцияны көргөзүп, Кыргызстанда абсолюттук рекордду түзгөн.

Азыркы мезгилде жер планетасынын бардык аймактарында болуп жаткан жаратылыш кырсыктары адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна чоң коркунуч келтирип, социалдык-экономикалык жашоо турмушуна терс таасирин тийгизип, миллиондогон, миллиарддаган доллар өлчөмүндө чыгымдарды алып келүүдө. Буга климаттын глобалдуу ысып баратканы да кошул-ташыл болуп, айттырбай келген жаратылыш кырсыктарын алдын алууда ага кайдыгер мамиле жасоого болбой тургандыгын иш жүзүндө ырастап турат. Климаттын улам өзгөрүүсүнөн жер шаарынын бир бөлүгүн ысык, кургакчылык каптаса, бир жеринде жер титиреп, бир аймакта сел жүрүп дарыялар ташкындап, токойлору өрттөнүп, асмандан катуу шамал, бороон-чапкын жүрүп, айрым аймактарда жер эрозияга учурап, мындай табигый кырсыктар жалпы адамзаттын баш оорусуна айланды. Анын оор кесепеттери орду толгус оор турмушка, жакырчылыкка, ачарчылыкка, өлүм-житимге, гуманитардык чоң катастрофага алып келиши мүмкүн.

 

Бүгүнкү күндө жер шарынын бардык материктеринде болуп жаткан жана дагы боло турган жаратылыш кырсыктары кайсы өлкөдө болорун айтпай келет. Кырсык деген чек араны билбейт. Адатта табигый кырсыктар ызы-чуусу көп өлкөдө болгондуктан ошол өлкөнүн эли Алла Тааланын каарына калыптыр же Кудай жазалаптыр деп диний ишеним менен дагы айтып калышат. Ошондон улам эмне себептен табигый жаратылыш кырсыктары көп болууда деген суроо берип, жооп издеп көрөлүчү. Анын башкы себебин негиздеп айтканда, атмосфералык шарттар:

тактап айтканда  жаан-чачындын, температуранын, нымдуулуктун, шамалдын, радиациянын, булуттуулуктун нормадан аз же көп болушу, абаны булгоо, абада жардыруу жана гидрологиялык шарттар: жер үстүндөгү же жер астындагы суулардын көбөйүшү жана тартылышы, жерлерди эрозияга учуратуу, жер алдындагы жардыруу сыяктуу мына ушул факторлор өз ара байланышта болуп, жер планетасындагы табигый жаратылыш кырсыктарын чакыруучу комплекстүү көрүнүш экендигин тана албайбыз. Анткени, жаратылыштын мыйзамы бири-бири менен эгиз козудай ынак, тыгыз байланышта экенин байыркы доордо эле ата бабаларыбыз, улуу астрологдор, ал түгүл диний аалымдар “жаратылышты талкалабагыла, анын зыяны жер шарына тиет” деп жалпы адамзатка кайрылып, айтып келишкен. БУУнун башкы катчысы “Дүйнөлүк прогрессивдүү адамзат, жалпы коомчулук жаратылышка аяр мамиле жасап, табигый кырсыктарды алдын албаса, жер шарында дагы көптөгөн кырсыктар болушу мүмкүн экендигин” коңгуроо кагып, климаттын кескин өзгөрүшү боюнча БУУнун атайын конференциясында карала тургандыгын айтпадыбы. Албетте, климаттын кескин өзгөрүшүнө табигаттын зор салымы бар деңизчи. Бирок, жаратылыш кырсыктарынын болушуна жалпы адамзат өзү себепкер болуп, атмосфералык жана гидрологиялык шарттар менен табийгатты жабыркатып, бүлүндүрүп, талкалап, жардырып, өзүбүз жаратылыш кырсыктарын чакырып жаткан жокпузбу деген суроо туулат. Биз өзүбүз алтын каздырабыз деп тоолорубузду жардыртып, жерлерибизди эрозияга учуратып, жаратылыштын да ээси болот дегенден коркпой, Алла Тааланын каардуу каргышына калган жокпузбу? Ошондуктан, жалпы адамзат жер шаарынын бардык материгинде, океан-деңиздеринде климаттык өзгөчөлүгүнө жараша дагы табигый кырсыктар, экологиялык катастрофа болушу мүмкүн экендигин алдын алып, табийгый кырсыктардын кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтуу үчүн биргелешип иш жүргүзүүсү абзел. Антпесек күн сайын телевизордон жер шарында болуп жаткан кырсыктарды көрүп, аябай сестенесиң. Дүйнөдө болгон кырсыктар каякта, кандай болгондугуна саресеп салсаң өтө таңкалычтуусу да бар. Атап айтканда саратан жайдын так ортосунда өмүрү кар жабаган, тропикада жайгашкан Австралияга кар жаап, ошол эле жай чилдесинде Гаваиде кар коштогон катуу бороон-чапкын болуп, кенгурулары өлүп калбаса экен деп катуу кайгырышты. Тропикалык өлкөлөргө кыш келип, элин үшүтүп жатса, Чыгыш Азияда бир нече адамдын өмүрүн алган, жумурткадай чоң мөндүр жаап, кырк миңдей адамды жабыркатса, өзгөчө Монголияда жааган мөндүр сегиз миң гектар айдоо аянтынын таш талканын чыгарган. Ошондой эле Кытайда тынымсыз жааган ушундай мөндүрдөн, жаандан дарыялар ташкындап, суулар айыл чарба жерлерин кантап, он миллион долларга жакын чыгым болгон. Караңызчы, мөндүрдүн, жаандын тийгизген кесепетин.

Дүйнөдөгү глобалдык ысыктан улам, көпчүлүк материкте климат кескин өзгөрүп, жер шарын өтө кургакчылык каптады. Жер шарындагы аба ырайын изилдөөчү атайын адистер 2019-жылдын башында эле жай айларында аба ырайы абдан ысык болот деп алдын-ала эскертишкени чын чыгып, жай мезгилинин биринчи жарымында жер шарынын айрым жерлеринде абанын температурасы демейдегиден 0,85 градустан дагы өтө жогорку градусту көрсөткөн.  Көрсө, жер шарындагы мынчалык катуу ысык 1880-жылдан бери каттала электиги анык болду. Анын оор кесепетинен, тактап айтканда күндүн ысыганынан Канадада 27-июндан, 1-июлга чейин 250 адам каза болуп, 11670 адам эс учун жоготуп, ооруканага жаткырылган.

Буга чейин жер шары боюнча мынчалык ысык катталбай келсе, Ирандын Бендер-Махшехр шаарында абанын температурасы +74 градуска ысып, көлөкөдө термометр +46 градусту көрсөтүп, түштүк аймагында күндүн ысыгы бир жума бою көлөкөдөгүсү +50 градусту көрсөтүп, Ирандагы мындай ысык дүйнөлүк рекордду койду деп дүйнөлүк телеканалдарайтып чыгышты. Бирок, Иранда канча адам ысыктан каза болуп, жаракат алгандыгы тууралуу маалымат чыга элек. Айтмакчы, 2003-жылдын июль айында Сауд Арабиясында +71 градуска жеткен ысык болуп, ошол кезде рекорд койгон экен. Россиянын жүз миңдеген гектар токойлорун тилсиз жоо болгон өрт жалмап, айылдарын суу каптаса, анын кесепети биздин өлкөгө да тийип, жай мезгилинде төрт мезгили бар, тоолуу Кыргызстанды да ысык басып, жерибизди кургакчылык каптап Ала Тообуздун бийик чокусунан түбөлүк ак муз кетпеген улуу мөңгүлөрү тездик менен жылып эрип, андан азоолонуп, буркан-шаркан аккан суулары таштан-ташка тийип дарыяларга батпай, түштүк жергесинде дамбаларды жарып, көпүрөлөрдү агызган сел жүрүп, элди селейтип салды. Күндүн температурасы +40 градустан ашып, ысык менен кошо өлкөнүн айрым аймактарын өрт, сел кырсыктары басып, үйлөрдү, эгин, жашылча-жемиш өстүргөн талааларды суу каптап, карапайым адамдардын шорун шорподой кайнатып, бушайман кылып, үйлөрү жараксыз болуп, материалдык жактан чоң зыян алып келди. Кыргызстанда сел, жер, кар көчкү жүрүүчү, өрт чыгуучу кооптуу аймактар көп экендигине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билип туруп, алдын алуу чараларын көрбөгөндүгүнөн улам, мындай жаратылыштын  кырсыктарынан калайык калк аябай жабыркап, көпчүлүк аймактар бычактын мизинде тургандай эле өтө опурталдуу, коркунучтуу абалда. Анткени, аба ырайына, табигаттын таш боор кырсыгына эч кандай ишенич жок, быйылкыдай жагдайда эмки жылы дагы чоң коркунуч туудурушу толук ыктымал.

Өнтөлөгөн элибиз оор кырсыкка кабылып, баш көтөрө электе КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнчө эле билерман болуп, жергебиздеги сейсмологиялык жактан коркунуч туудурган жерлерге байкоо жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарында 7-9 баллга жеткен жер титирөө боло тургандыгын көзү ачыктык кылып, республикабыздагы калайык-калкка расмий жарыялап, элдин жүрөгүнүн үшүн алып койду. Андан көрө КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлиги элди коркутуунун ордуна жаратылыш кырсыктарын алдын алуу багытындагы кечиктирилгиз чараларды көрүп, жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтсө болмок. Кырсык – каш кабактын ортосунда. Кырсык деген кырсык, ал айттырбай өзү келет. Жаратылыштын таш боор кырсыктары болоорун эч ким алдын ала билбейт. “Кудай сактансаң, өзү сактайм” дейт.  Андан көрө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы эл менен биргеликте кырсыкты алдын алуу үчүн каналдарды тазалап, дамбаларды бекемдеп, эрозияга учураган жерлерге бак-дарактарды тигип, жерлерибизди жардыргандарды тизгиндеп, тыюу салып, алдын алуу иштерин өз учурунда жүргүзгөндө гана анын оор кесепеттерин азайтып, кооптуу жагдайдан чыга алабыз.

Данияр ШАБДАНОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:35

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина