Пенсия төлөмдөрү кечиктирилбей төлөнөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:09

Пенсия төлөмдөрү  кечиктирилбей төлөнөт

            3 Бүгүнкү күндө Социалдык фонддун Чүй-Токмок  райондук башкармалыгы пенсияларды төлөө, камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, карыздарды  өндүрүү  боюнча алгылыктуу  иштерди жүргүзүүдө.   Чүй –Токмок районунун  камсыздандыруу төгүмдөрүн  жыйноо боюнча иш жыйынтыгында  өткөн жылдагы он эки айдын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча  361,9 млн.сом чогулган. Ал эми коюлган план 357,3 млн. сом болсо, анын аткарылышы 102,1 пайызды түзгөн. 2016-жылы  камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2015-жылга салыштырмалуу  өсүшү 21,8 млн.сомду же 104,4 пайызды түзөт. 2016-жылы он эки айда  камсыздандыруу төгүмдөрү  полис боюнча 10184,6 миӊ сом чогулган. Алдыга коюлган план боюнча  9056,5 миӊ сом болсо, анын аткарылышы 112,2 пайызды түзгөн.  Былтыркы жылы   камсыздандыруу төгүмдөрүн  жыйноо 2015- жылга салыштырмалуу  1250 миӊ сомго көбөӊгөн, же 112 пайызды түзгөн. Ошентип, өткөн жылы камсыздандыруу төгүмдөрү  боюнча дыйкан чарбалардан  баардыгы   5760,3 млн.сом  чогулган.

Мындан тышкары  Чүй-Токмок районунда камсыздандыруу карыздарын өндүрүүгө  көрүлгөн чаралар  иши аткарылып келген.2016-жылдын башынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрдүн карыздарын өндүрүү  максатында 157 эскертме  23288,1 миӊ  сомго жиберилген. 2948 доомат баракчасы 24527,2 миӊ сомго жөнөтүлүп, анын ичинен 5515,8 миӊ сом  түшкөн. Ал эми  өз убагында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн  юридикалык жана жеке жактарга катуу эскертүүлөр  берилип келет. Бирок сотко 627 чарба фермерлери 10956,4 миӊ сом карызы менен берилип, анын ичинен 3043,2 миӊ  сом түшкөн жана эки ишкана 5570 миӊ сом карызы менен берилгендиги аныкталган.

Жогорудагыдай маалыматтарды алуу менен  биз  Социалдык  фондунун Чүй-Токмок райондук башкармалыгынын  башчысы  Жаныбек  Орозалиев  менен жолугуп,  кандай иштер аткарылып келе жаткандыгы тууралуу  маек курганбыз.

——- Жаныбек   Аманович, бүгүнкү күндө   Чүй-Токмок райондук  башкармалыгы  канча  пенсионерди тейлейт жана  пенсияларды төлөө  иштери кандай жүргүзүлүп жатат?

——Бүгүнкү  күндө  бизде  пенсионерлердин жалпы саны 11500  адам, анын ичинен жаш  курагы  боюнча 8626 пенсионер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген  2064, баккан адамын жоготкон  пенсионерлердин  саны  810 адамды түзөт. 2016-жылдагы бир айда керектелген  каражат 61,4 млн. сомду түзүп, пенсия төлөп берүүгө жылдын башынан бери  679,9 млн сом каржыланган. Ал эми орточо  өлчөмдөгү  пенсия 5183 сомду түзөт. Пенсия төлөө  боюнча 23  байланыш бөлүмү 4720  пенсионерди тейлөө иштери жүрүп турат. Андан тышкары    6780 пенсионер  банктар аркылуу тейленет. Биздин шаардык жана райондук пенсионерлерди  ар бир айдын убагында  пенсияларды кечиктирилбестен төлөп берүү иштери жүргүзүлүп турат. Азыркы учурда пенсия төлөө боюнча карызыбыз жокко эсе.

   —— Айыл жериндеги дыйкандар   төлөмдөрдү төлөөгө келгенде кандай, же төлөө маалына келгенде кыйынчылыктар  болуудабы? Мурдагы жылдарга караганда өзгөрүү барбы?            

——- Мурдагы жылдарга караганда  киреше жагы жылдан –жылга өсүп жатат десем жаӊылышпайм. Элибиздин аӊ-сезими  жогорулап өсүп, убагында төлөмдөрдү  төлөшүбүз керек экен  дешип, түшүнүү  жагы тереӊдей баштаганы кубандырат. Айыл жеринин тургундары көбүнчө  дыйкан чарбалары, мал чарбачылыгы менен алектенишет. Ошондуктан алардын дээрлик көбү    учурунда  төлөмдөрдү  төлөп турууну  жакшы түшүнүп калышканы,  демек  элибиздин жашоо-турмушунун оӊолуп баратканы, жоопкерчиликтин  жогорулашы деп билебиз . Ошондуктан   дыйкан чарбалардын  төлөмдөрдү төлөп турушу   бирден бир киреше булагы  болуп саналат,-дейт кыскача  маегинде.

Андан соӊ анын орун  басары   Нургүл  Керимкулова  менен маектешкенибизде  ал төмөнкү маалыматтарды  айтып өттү:

——-2008-жылы мыйзам  өзгөргөн болучу. Пенсияга чыгуу  эки шартта  каралганы белгилүү. Биринчиси пенсияга чыгууга  жашы  жеткен  адамдар 63 жаштан, аялдар  58 жаштан чыгуусу каралган. Ал эми  стажы жеткен  аялдар 35 жыл иштесе  55 жаштан,эркектердин  40 жыл стажы болсо  60 жаштан чыгууга болот. Эгерде  35-40 жылга жетпей калса кыскартылган түрдө 30 жылдан 35 жылга чейин стаж болсо пенсияга чыгууга эркектер 35 жылдан 40 жылга чейинки стажы болуш керек. Ошондой эле көп балалуу энелерди алганда, беш балалуу энелерди көп  балалуу деп эсептелет 53 жашта болсо 15 жыл стажы, ал эми кыскартылган түрдө  50 жаштан болсо 25 жыл стажы  болсо, балдары майып болсо 50 жаштан, бирок стажы 30 жыл болсо пенсия алууга  болот. Азыркы кезде  пенсионерлер үчүн жакшы шарттар каралган.  Баардык жерде пенсияны алууга атайын банкоматтар  иштеп жатат. Биз баардык банктар  менен келишим түзгөнбүз. Ошондуктан ар бир пенсионерибиз  пенсиясын  алуу үчүн карточка алышкан. Ал эми кээ бир  пенсионерлердин каалоосу менен  жашаган жерине жакын жайгашкан  почтадан  алышат.

Пенсионерлер үчүн  көп өзгөрүүлөр  бар. Мисалы, менин иштегениме 11 жылдын жүзү болду. Ушул жылдар аралыгында салыштырмалуу кыйла жогорулады. Ар бир жаран келип биз менен кеӊешип  кетишет. Жаштар келишет, пенсияга чыгууну эрте ойлошуп, түшүнбөгөндөрүн такташып сурашып, кийинки карылыгын ойлогондор жок эмес. Бара-бара  элибиздин аӊ-сезими  өсүп, түшүнүктөр жогорулап жатканына кубанабыз  -дейт маегинде.

Социалдык фонддун  Чүй-Токмок  райондук башкармалыгынын  аткарылган иштери тууралуу маалыматтар менен терӊден таанышып, район ичиндеги төлөмдөрдүн учурунда аткарылышына биз дагы кубанычта болдук. Аталган  башкармалыкта  көп жылдан бери эмгеги сиӊген иштерман айымдар бар экен. Жайыкпаева Кулейхан  айымдын эмгектенип жатканына  36 жылдын жүзү болгон. Ал эми  Токтомамбетова  Анара 26 жылдан бери, Исакова Сайра 25 жылдан бери, Жаныбек Орозалиев, Нургул Керимкулова, Жулжиева Чынар, Ниязова Аида  сыяктуу  кызматкерлер көп жылдан бери талыкпай эмгектенип келе жатышат. Ары түйшүктүү, өтө жооптуу  жана калктын кызыкчылыгын тереӊ ойлогон, ар бир пенсия жашына келген  карыяларга  сый-урмат көрсөтүү, аларга мээримдүү  мамиле жасоо, дегеле баардык  кыйынчылык шарттарга чыдаган жана тынымсыз иштеп,  кызматын аябаган социалдык  фонддун кызматкерлерине  таазим этүү  туура болоор деген ойго келдим. Алардын ар биринин  баш көтөргүс эмгеги  эле өтө жооптуу эмеспи. Ар кандай жаштагы жана  ар башка  мүнөздөгү  адамдар менен иштеп жатышкан  кызматкерлердин эмгеги  эле канчалык жогору. Ал жерде эмгектенип жатышкан улуу  муундагылардан кичүү  жаштар  насаат алышып, тажрыйбасын үйрөнүп  иштеп келе жатышат. Ал эми  кийинки жаштар  насаатчылардан тарбия-таалим  алып, баралына келгенде алар дагы  ардактуу  орунду ээлешет  деген тилектебиз.

Имараттын  ар бир  бөлмөлөрүндө  кезектеги келген кардарларды кабыл алышып, эмгек күнүн  өтөп жаткан сүйүктүү кесиптин  ээлерине  биз дагы  зор ийгиликтерди каалап,  иш күнүбүздү улантып сапарыбызды  уладык.

 Тойбаева Кундуз

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:09

Парламент

Элдик медицина