Патрулдук милиция атайын белгиси бар автоунааларга көңүл бөлүүгө чакырат

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 14:03

Патрулдук милиция атайын белгиси бар автоунааларга көңүл бөлүүгө чакырат

9 Чүй облусунун патрулдук милиция башкармалыгы Бишкек-“Манас” аэропортустратегиялык жолдо “Маяк” аттуу рейд өткөзүштү. Рейддин негизги максаты — атайын белгиси бар тез жардам, өрт өчүрүү, милиция, эл аралык делегациялардын кортеждеринин өтүүсүнө жолтоо болуп жол бошотпогон айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Бишкек-“Манас” аэропорту жолу стратегиялык жолдордун бири болуп саналгандыктан, эл аралык делегациялардын кортеждери, тез жардам, өрт өчүрүү, милиция жана башка кызматтардын автоунаалары өтөт. Ошондой учурда патрулдук милиция башкармалыгынын эң негизги милдетикортеждерди тоскоолдуксуз өткөзүп жиберүү болуп саналат.

Рейддин жүрүшүндө атайын белги менен келе жаткан автоунаага жол бошотпой койгон айдоочулар катталып, аларга патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бирок айдоочулук милдетин так аткарып,  жолдо жүрүү эрежелерин сактап, атайын белги менен келе жаткан автоунаага жол бошотуп берген айдоочулар дагы кездешти. Айдоочулар гана эмес, жөө жол жүрүүчүлөр да келе жаткан атайын автоунааларга тоскоолдук жаратпашы керек.

Чүй облусунун патрулдук милиция башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларыбири-бирине көңүл буруп, сылык мамиле кылуусун өтүнөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 14:03

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина