Парламентте өкмөттүн иши канаттандыраарлык деп табылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:18

Парламентте өкмөттүн иши канаттандыраарлык деп табылды

8 Жогорку Кеӊештин 24-апрелде өткөн жыйынында Өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулду. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты. Жыйын жүрүшүндө Өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу кеӊири маалымат берген өкмөт башы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын көптөгөн суроолоруна жооп берип, алардын Өкмөттүн ишин жакшыртуу жаатындагы ой-пикирлерин укту.Талкууга жазылган депутаттарга убакыт жетпей калгандыктан, отчеттуу талкуулоо жол-жоболорун 25-апрелде өтө турган жыйында улантуу чечими кабыл алынды. Депутаттар тарабынан суроо-жооп болуп, Өкмөттүн бир жылдагы ишмердиги  жалпысынан депутаттарды канааттандырды.

26-апрелде парламенттин депутаттардын талкуусунан кийин төрага Дастан Жумабеков сөз алып, “Азыркы Өкмөттүн курамы колунан келген аракетин жасады деп билем. Экспорттун төмөндөп кеткени бизди өкүндүрөт. Ал эми социалдык маселелер боюнча депутаттар тарабынан көп сын-пикирлерин айтты. Ошол эле аймактарды таза суу менен камсыз кылуу тарабында айтаарлык иштер жасалганын билебиз. Андан сырткары  мамлекеттин тышкы саясаты жакшы ийгиликтерге жетишти. Мисалы, үстүбүздөгү жылы эле Россия мамлекети менен Кыргызстандын ортосунда 6 млрд. долларга, Германия мамлекети менен 1млрд. еврого келишимдер түзүлдү. Бүгүн Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти. Бул жактан дагы жакшы ийгиликтерге жетишип келет деген ишенимдемин” – деди.

Андан соң парламенттин депутаттары Өкмөттүн 2018-жылдагы отчету туралуу түзүлгөн токтомду талкууга киришти.

Жыйынтыгында  эл өкүлү Искак Масалиев каанаттандырарлык эмес деп сунуш берди эле, КСДПнын төрагасы Т.Зулпукаров: “Профилдик комитеттин жыйынтыгы биринчи коюлуш керек. Эгерде өтүп кетсе И.Масалиевдин сунушу автоматтык түрдө күчүн жоготот-деди. Андан кийин Т. Мамытов, А.Алтыбаева, К.Рыспаев Т.Зулпукаровдун сунушун колдоп кетишти.

Сунуш: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишин карап чыгып,   макул-103 депутат макул, каршы -1.

Жалпы токтомго добуш 101-макул, каршы-1, калыс-1 менен жыйынтыкталды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 26, 2019 11:18

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина