Парламентке таарынган акыйкатчы Б. Аманбаев Конституциялык палатага арызданат

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 15, 2015 08:32

Парламентке таарынган акыйкатчы Б. Аманбаев Конституциялык палатага арызданат

14 15 июнь, Бишкек. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев анын 2014-жыл үчүн отчетун кабыл албай койгон Жогорку Кеңештин чечимин мыйзамсыз деп талашып, Конституциялык палатага кайрыларын билдирди. Жогорку Кеңеш болсо акыйкатчынын ишмердигин иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзгөнү жатат.

Акыйкатчынын отчету шаршембиде парламенттин сессиясында каралганда депутаттар анын отчетундагы адам укуктарынын абалы жөнүндө маалыматтар эле эмес, акыйкатчынын аппаратынын каржылык ишмердигиндеги мыйзам бузуулар жөнүндө да сөз кылышты.

Ал эми андан бир күн мурда болгон тармактык комитеттин жыйынында Бакыт Аманбаевге анын КТРКдагы каржылык мыйзам бузууларга канчалык тиешеси бар экенин да сурашты.

Натыйжада Жогорку Кеңештин тармактык комитети да, пленардык жыйыны да акыйкатчынын 2014-жыл үчүн отчетун жаратпай четке кагышты. Жогорку Кеңештин депутаты Майрамбек Расулов акыйкатчынын ишинде каржылык мыйзам бузуулардан башка дагы анын кесиптик даярдыгына да дооматтар болуп жатат.

«Акыйкатчы өзүнүн баяндамасында кайсыл кызмат адамдары тарабынан кандай мыйзам бузулганын көрсөтүшү керек. Баяндамага жазылган 47 кызмат адамы мыйзам бузган деп. биз аларды ким деп сурасак министрлер, соттор, прокурорлор бар дейт. Башкасын айтпай эле министрлерди атап коюңуз десек, бирөөн да атай албайт. Отчетко келген киши мыйзам бузган сот же прокурорлордун бирөөн да атай албайт. Канча арыз түштү, канчасы канааттандырылды, канчасы канааттандырылган жок деген суроого да жооп бере албады. Суроолор абдан көп. Баяндаманы үстүртөн эле даярдап коюшкан»,-дейт Майрамбек Расулов.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин 2014-жыл үчүн отчетун Жогорку Кеңеште каралардын алдында эле кандайдыр бир конфликт маанай сезилип жаткан.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети акыйкатчынын отчетун апрелден бери беш жолу күн тартибине коюп, бирок уга албай келгенин билдирген. Соңку жолу отчету угулар маалда акыйкатчынын чет элдик сапарга кетип калганын депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баш болуп, парламентти тоотпой жаткандык катары сынга алышкан.

Бакыт Аманбаев өзүнүн акыйкатчы катары ишин жогорку деңгээлде аткарып жатканын жана Жогорку Кеңештин чечими менен таптакыр макул эмес экенин белгилеп, өзүнүн жана акыйкатчы институтунун укугун коргоп Конституциялык палатага кайрыларын Би-Би-Сиге билдирди.

«Конституциянын 64-беренесинин 6-пунктунда Акыйкатчы өлкөдөгү адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын абалы боюнча маалымат берет, бузулган укуктарды кантип калыбына келтирүү керектиги жөнүндө сунуштардын топтомун берет деп жазылган. Мына ушул эреже бузулуп калды. Биз маалымат бердик, анын ичинде системалуу түрдө бузулган укук бузууларга токтолдук.

Анын чечүүнүн жолун да айттык. Парламенттин көпчүлүк депутаттары омбудсмен туура айтат деп макташты, бирок түшкө тыныгууга барып келгенден кийин позициялары жүз пайыз өзгөрүп, түшкө чейин апаппак деп айткандарын кайра капкара деп чечим чыгарып коюшту. Парламент Конституцияга каршы чечим кабыл алды, ошон үчүн мен Конституциялык палатага кайрылам»,-деди Бакыт Аманбаев.

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жетекчиси Наталя Никиткенконун журналисттерге берген маалыматына караганда, эми акыйкатчынын тагдырын Жогорку Кеңеш түзгөн комиссия чечет. Комиссияга ар бир фракциядан экиден адам кирип, бир айдын ичинде акыйкатчынын мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууга негиз бар же жок экендиги жөнүндө корутунду чыгарып берүүгө тийиш. Акыйкатчыны кызматынан алуу үчүн парламенттик комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу керек.

 

Салтанат Жакыпова, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 15, 2015 08:32

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина