Парламент депутаттары Акыйкатчынын баяндамасын жактырган жок

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2015 09:41

Парламент депутаттары Акыйкатчынын баяндамасын жактырган жок

4 Бул тууралуу Жогорку Кенеште КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) «2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» ар жылдык баяндамасын угуу жыйынтыгында белгилүү болду.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин айтымында, Акыйкатчыга кайрылган адамдардын саны арбын. 2014-жылы 13 мин 652 жаран арыз жана даттануу менен кайрылган, анын ичинде 2 миң 411 арыз жазуу жүзүндө түшкөн. Жарандардын басымдуу бөлүгү, тагыраак айтсак, 60 пайызы укук коргоо органдары менен сот тармагынын иш-аракетине нааразы. Убактылуу камак жайларында жаткан адамдардын кайрылуулары басымдуулук кылууда. Балдарга карата жасалган зомбулук жосундары да көбөйүүдө.

Жыйын жүрүшүндө өткөн жылы Акыйкатчынын тармактык маселелерге арналган 4 атайын баяндамасы даярдалып, алар коомдук угуу сындуу бир катар иш-чараларда талкууланып, алар боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөнү белгиленди. Бирок, бир катар депутаттар баяндамада фактылар, сандык маалыматтар үстүртөн белгиленип калганын сынга алды. Ал эми Акыйкатчынын айтымында, ар жылдык баяндама эл аралык стандарттын негизинде даярдалып, анда жасалган иштердин жыйынтыгы камтылган.

Андан сырткары, айрым депутаттар тарабынан, “КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамда так белгиленгендигине карабастан, адам укуктарынын бузулушуна жол берген же ага карата тиешелүү чараларды көрбөгөн бир дагы мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, анын жетекчилеринин аты аталбай, жоопкерчиликтен тышкары калганы белгиленди.

Ошондой эле Акыйкатчынын аппаратында ашыкча штаттагы кызматкерлер ишке алыганы, мамлекетке 984 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени тууралуу маалымат берилди. Б.Аманбаев жеке өзүнө 42 миң сомго ноутбук сатып алган, бухгалтер Мукаева өзүнө мыйзамсыз акча алып турган. Мындай каржылык мыйзам бузуулар Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда аныкталган.

Добуш берүү жыйынтыгында КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) «2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» ар жылдык баяндамасы жактырылган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Акыйкатчынын аржылдык баяндамасы буга чейин 2015-жылдын 9-июнунда парламенттин тармактык комитети болуп саналган Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде каралып, талкуу жыйынтыгында жактырылган эмес.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2015 09:41

Приемная кампания 2020

Элдик медицина