Панфиловто «Бирдиктүү терезе» заманбап шартта иштей баштады

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:56

Панфиловто «Бирдиктүү терезе» заманбап шартта иштей баштады

5 — Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгындагы «Бирдиктүү терезеде» оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңыча шартта иштей баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мекеменин жетекчиси Гүлбарчын Исакова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдан баштап «Бирдиктүү терезенин» жаңы программасы ишке киргизилген.

«Биз жакында чакан 2 бөлмөнүн ортосундагы дубалды алып, аларды бириктирип, иш орунубузду кеңейтик. Бул жайда коюлган 2 жаңы эшиктин биринен атайын кызматкерлер, экинчисинен суроо-талап менен келген жарандар кирип чыгышат.

Ошондой эле 2 терезе бар. Бири документтерди кабыл алса, экинчиси аркылуу берилет. Мындай өзгөчөлүк атайын адистер менен жарандардын ортосундагы аралыкты сактайт жана бири-бирине тоскоол болбойт. COVID-19 илдетинен сактанууга жана коррупциялык иштердин пайда болуусуна бөгөт болот.

Башкармалык 2020-жылдын өндүрүштүк планын 130 пайызга орундатып, жаш адистер менен камсыз болгон. Биз райондук мамлекеттик администрация жана мекеме-уюмдар, соцтүзүмдөр менен тыгыз иш алып барабыз. Кеңейтилген иш орунубуз Нооруз майрамына белек болду десек жаңылбайбыз», — деди ал.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 21, 2021 12:56

Приемная кампания 2020

Элдик медицина