Панфиловдогу координациялык кеңешмеде коомдук тартипти күчөтүү маселеси талкууланды

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 20, 2020 22:26

Панфиловдогу координациялык кеңешмеде  коомдук тартипти күчөтүү маселеси талкууланды

   3 17-декабрда Чүйдүн Панфилов районунун акиминин жетекчилигинде коомдук тартипти күчөтүү боюнча координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райадминистрациянын экономика секторунун башкы адиси билдирди.

Анын айтымында, координациялык кеңешме райадминистрациянын жыйындар залында өттү. Ага райадминистрациянын, УКМКнын аймактык бөлүмүнүн, прокуратуранын, Финполициянын, РИИБдин жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери катышты.

«Үстүбүздөгү 2020-жыл COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө, элдин саламаттыгын сактоодо социалдык-экономикалык бир топ көйгөйлүү маселелерди жаратты. Райондогу 6 айыл аймагында жана Кайыңды шаарында коронавирус менен күрөшүүнүн бардык талаптары аткарылды. Учурдагы пандемия шартында да ал иштер уланууда. Алдыда 2021-жыл жана 10-январь — КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү келе жатат», — деди ал.

Жыйында аким Эмир Аманкулов: «Жаңы жылды тосууда райондун бардык аймактарында РИИБдин, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөө күчөтүлөт. Коомдук жайларда эл топтомун түзүүгө тыюу салынып, тойканаларга чектөө киргизилген. Ал эми 10-январь — КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүндө элдин биримдигин сактоо, коомдук тартипти, саясий туруктуулукту көзөмөлдөө боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Үгүт иштерин жүргүзүүдө санитардык-гигиеналык эрежелер толук сакталып, добуш берүүдө таза шайлоого шарттар түзүлөт» — деди.

 

Ал эми РИИБдин жетекчиси, милициянын майору Денис Аманов тартип сакчылары күнү-түнү иштей турганын билдирип, ал боюнча атайын иш-мерчемдер түзүлгөнүн билдирди

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 20, 2020 22:26

Приемная кампания 2020

Элдик медицина