Панфиловдогу дарыгерлерге реанимобиль тапшырылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 14:11

Панфиловдогу дарыгерлерге реанимобиль тапшырылды

22 -25-декабрда Чүйдүн Панфилов райондук жалпы дарыгерлер борборуна тез жардам автоунаасы берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык саясат секторунун жетектөөчү адиси Фарида Абдылдаева билдирди.

«Учурдагы пандемия шартында дарыгерлер күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Алыскы аймактарга барууда, бейтаптарга медициналык ыкчам аракеттерди көрүүдө атайын техникалардын жетишсиздиги бир топ көйгөйлөрдү жаратып келген. Мындай орчундуу маселерди жеңилдетүү максатында кечээ, 25-декабрда дарыгерлер «Соболь» үлгүсүндөгү тез жардам унаалуу болушту. Анын ичи заманбап инновациялык медициналык техникалык каражаттар менен камсыздалган», — деди жетектөөчү адис.

Ооруканага «Соболь» үлгүсүндөгү тез жардам унаасы Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 14:11

Приемная кампания 2020

Элдик медицина