Панфиловдогу дарыгерлер борборуна 5 кычкылтек концентратор берилди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 30, 2020 17:50

Панфиловдогу дарыгерлер борборуна 5 кычкылтек концентратор берилди

5Бүгүн, 30-июлда Чүйдүн Панфилов районундагы жалпы дарыгерлер борборуна 5 кычкылтек концентратор берилди. Бул тууралуу борбордун директору Жалил Абдыкалыков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жалпы дарыгерлер борборунда 58 кычкылтек концентратор иштеп жатат. Анын ичинен 50 даанасы демөөрчүлөр тарабынан берилген.

«COVID-19 илдети адамзаттын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Ушул чакта ак халатчандар күчөтүлгөн тартипте күндүр-түндүр эмгектенүүдө. Албетте, алардын сапаттуу жана натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн медициналык каражаттар өтө зарыл экенин турмуш дагы бир жолу тастыктоодо. Ырас, бизге окшогон алыскы райондордо дарыгерлер, жаңы муундагы медициналык технологиялык каражаттар жетишсиз экени анык. Эми учур көйгөйүнө жараша ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, жардамдар колго алынууда. Бүгүн, 30-июлда Курман айт майрамын утурлап демөөрчүлөр 5 кычкылтек концентратор беришти. COVID-19га чейин райондо 8 даана бар болсо, бүгүнкү күндө кычкылтек концентраторлордун жалпы саны 58ге жетти. Бул райондо эмгектенип жаткан ак халатчардын ишин бир топ жеңилдетсе, бейтаптардын ишенимин арттырып, тез сакайып кетүүсүнө шарт түзөт», — деди ал.

Райондо 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана 11 ФАП иштейт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 30, 2020 17:50

Приемная кампания 2020

Элдик медицина