Панфиловдогу айылга арка коюлуп, эл таза суу менен камсыздалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 11:39

Панфиловдогу айылга арка коюлуп, эл таза суу менен камсыздалды

20 Панфилов районундагы Эркин-Сай жана Орто-Кайырма айылдарынын тургундары таза суу менен камсыз болушту. Ошондой эле айылдын башталышына арка коюлду. Элет элине көрүлгөн камкордук жаатында Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Эмир Аманкулов маалымдады.

«Вознесеновка айыл өкмөтүндө 6380ден ашуун көп улуттуу калк жашайт. Карамагына Вознесеновка, Эркин-Сай жана Орто-Кайырма айылдары кирет. Элибизде “эшигин көрүп төрүнө өт” деген маңдай жаркыткан накыл кеп бар эмеспи. Эркин-Сай айылынын кире беришине арка койдурдук. 2 айылдын эли таза суу менен камсыз болушту. Союз мезгилинде коюлган суу түтүктөрү эскирип кароосуз калган. 18 жерден жарылган суу түтүгүн оңдоо, калыбына келтирүү 20 жылдан бери көйгөй жаратып келген. Элдер арыктагы суудан ичишип күн кечиришкен. Үстүбүздөгү жылдын жай айларында мындай көйгөй колго алынып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен маселе толук чечилди. Мындан сырткары райондун борборунан 21 чакырым алыстыкта тоо этегинде жайгашкан Орто-Кайырма айылында 1,5 км жолго асфальт төшөлдү. Ушул мезгилге чейин бир да айыл чарба техникалары болгон эмес.

Жакында АРИСтен 24 миң долларга «МТЗ-82″ үлгүсүндөгү экскаватор-бульдозер алынып келди. Анын 600 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Малчыларга жардам көрүлүп, купка (койлорду кралинге түшүрүүчү жай) уюштурулду. Эркин-Сай айылында мини-футбол аянтчасы курулуп, айланасы тосулуп, бак-дарактар отургузулду. Бул аймакта Жайыл баатырдын эң улуу баласы Асандын урпактары жашайт. Ошондон улам жергиликтүүлөрдүн жардамы менен “Асан-Ата” сейил паркы курулуп көрктөндүрүлдү», — деди ал.

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 26, 2018 11:39

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина